Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

Оштогу көпүрөнүн астындагы унаа токтоочу жай боюнча прокуратура териштирүүнү баштады

Ош жаңылыктары
42
0

Ош шаарындагы «Достук» көпүрөсүнүн астында жайгашкан унаа токтоочу жай боюнча Ош шаардык прокуратурасы текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Оштун мэриясы айласы кеткенде уюштурган унаа токтотуучу жайдын чоо-жайы боюнча жазып чыккан.

Анда Ош шаарынын тургуну Азамат Ормокеев шаардагы Достук көпүрөсүнүн астында жайгашкан муниципалдык жердин бир бөлүгү мэрия тарабынан жеке ишкерге мыйзамсыз пайдаланууга берилгендигин билдирген.

Анын айтымында, мэрия орнотулган жол бергилерге каршы чыгып, ал жерлерди жеке ишкердин кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга берген. Таалайбек Сарыбашов жаңы кызматка келгенде шаардагы акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды жойгон. Анткен менен азыр абал акырындап мурдагыдай калыбына келгенин айтат.

«Андагы койгон жол белги да туура эмес. Мисалы, ал жерге коюлган 3.1 белгиси стандартка туура келбейт. Демек ал жакка эч кандай унаа киргенге болбойт дегенди түшүндүрөт. Жергиликтүү бийлик өздөрү койгон жол белгилерге, өздөрүнүн саясатына каршы чыгууда. Мисалы ал жерди иштеткен адам элден акча алып иштеткенине жараша жакшы кызмат көрсөтпөйт. Шарт түзгөн эмес. "Ал жер кандай жол менен берилген?" деген суроо да жаралбай койбойт. Азыркы калаа башчысы жаңыдан кызматка орношкондо буга чейин жол четиндеги унаа токтотуучу жайларды жойгон болчу. Азыркы жерлерди иштеткендердин да ишмердүүлүгү токтотулган. Кийин кайрадан мурдагы абалына келди», - деген А,Ормокеев.

Серепчи Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, ал жерде унаа токтотуучу жай уюштурууга уруксат бергендерге шаар прокуратурасы укуктук баа бериши керек.

«Жол белгилер жергиликтүү бийлик менен макулдашкандан кийин гана коюлат. Мэриянын унаа токтотуучу жайга уруксат бергени да, ал жерге жол белги коюлганына макулдук бергени да бири-бирине каршы келип жатат. Атайын техникалар кирүүгө гана уруксат деп турат. Мисалы, өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматы, тазалык мекемесинин унаасы гана кириши мүмкүн.

Ал жерде ар бир унаа 20 сомдон төлөйт. Анын канчасы бюджетке түшүп жатат? Күнүнө канча машина кирип-чыгып жатат? Дүмүрчөктөр берилип жатабы? Жумушчулар айлык алышабы? Эгерде айлык алса, мамлекетке канча сом салык төлөйт? Ушуларга көзөмөл жок. Буга күч органдары, шаардын прокуратурасы ал жерди иштеткен адамга, жол белгилерди койгон ишканаларга укуктук баа бериш керек. Мисалы ал жерден шаарга чыкканда жол белгилердин багыты көрсөтүлгөн эмес. Ыңгайсыздык жаратат. Унаа токтотуучу жай бар деген белгиси жок. Ал жерге унаа токтотуучу жай уюштурулганы өзү мыйзамсыз», - деген Т.Келдибаев.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов Достук көпүрөсүнүн астындагы аянчага бир гана атайын техникалар үчүн уруксат берилиши керектигин айтат.

«Ал жерге атайын техникалар кирүүгө гана болот. Жол белги ошол үчүн коюлган. Ал жерде ким мыйзам бузуп жатат же ким кирип-чыгып жатат деп биз көзөмөлдөбөйбүз. Ал биздин милдетке кирбейт. Биз жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо ишканасы менен кеңешип, атайын комиссия менен карап чыгып, алар болот же болбойт дегенден кийин гана жол белгилер коюлат», - деген А.Жунусов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын катчысы Кубаныч Камчибеков бул белгилер буга чейин туура эмес коюлуп калгынын айткан. Шаар ичиндеги туура эмес коюлган жол белгилер алынат.

«Ал жерге коюлган жол белгини алабыз. Андан сырткары шаар аймагындагы коюлуп калган жол белгилерди алдырып жатабыз. Себеби шаарга "Коопсуз шаар" долбооруна байланыштуу кайсы жерге кайсы жол белги коюлуш керектигин карап чыктык. Азыр Ош шаарына 850дөн ашык жол белги жетишпейт. Биз "Коопсуз шаар" ишке киргенге чейин бардык белгилерди мэрияга сунуш кылып, комиссияга берилди», - деген К.Камчибеков.

Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жеткечиси Алтынбек Пирматов ал жерди унаа токтотуучу жай кылып иштетип жаткандар мэриянын бюджетине канча сом төлөй турганын жана ким деген ишкер ижарага алганын айтып бере алган жок.

«Ал жер конкурстун негизинде жеке ишкерге берилген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен макулдашып, мыйзамда белгиленген тартипте берилген. Негизи унааларды ал жерге койдурбашыбыз керек. Биз айла кеткенде унааларды киргизип жатабыз. Себеби базарга соода кылганы келген, Навои паркына келген адамдардын унаасы жол боюна толуп кетмек», - деген А.Пирматов.

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын турак жай жана жеке турак жай бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова аталган аймакты муниципалдык менчик башкармалыгы ижара бербегенин белгилеген.

«Биз ал жерге такыр тиешебиз жок. Навои паркынын аймагына карайт. Ижара акысын ошол паркты иштеткендер алат. Биз ошол жерге жакын жайгашкан «Бексултан» базарынын үстүндөгү көпүрөнүн астындагы жерди Умар Абдуллаев деген жеке ишкерге ижарага бергенбиз. Алар шаардын бюджетине жылына 75 млн сом төлөйт. Салык кызматына салык төлөшөт», - деген К.Имарова.

Буга чейин мэрия шаар боюнча муниципалдык жерге уюштуштурулган акы төлөнүүчү 2 унаа токтотуучу жай бар экенин билдирген. Анын бирөө Тилеке баатыр көчөсүндөгү (ун базар тарапта), экинчиси «Бексултан» базары тараптагы Достук көпүрөсүнүн астына уюштурулган.


 

https://osh.turmush.kg/news:439636

скачать dle 11.0фильмы бесплатно