Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:58
БШК «Ынтымак» партиясынан Талант Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тартты
16:57
“Империя пиццы” кафеси. Тамактан уулангандардын саны 179 адамга жетти
16:02
Арбитраждык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча план бекитилди
16:00
Кыргызстан — Кытай темир жол ишканаларынын башчылары кызматташууну талкуулады
15:54
Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер
22:00
Арзыбек Кожошев атамекендик бизнес өкүлдөрү менен жолугушту
21:55
Кыргызстан менен Россиянын кызматташа турган мектептеринин тизмеси
21:52
Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты
21:50
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу
21:07
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды
21:06
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
21:03
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
21:02
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
23:54
ЖКга шайлоо. Екатеринбургдагы Башкы консулдук Тюмень шаарына жумушчу сапар уюштурду
23:47
Дарыгер баланы суперинфекциядан кантип сактаса болорун айтты
23:47
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
23:46
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
Бардык кабарлар

Алай менен Кара-Суунун ортосундагы талаш жер эл менен ишкерлерди экиге бөлдү

Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар
31
0

Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтү менен Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү чектешкен Чыйырчык жайлоосундагы 627 гектар аянт жер кайсыл айыл өкмөткө караштуу экендиги так эмес болчу.

Кечээ, 7-сентябрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Кара-Суу жана Алай районунун акимдери, Гүлчө жана Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн башчылары, ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы, жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн жер адистери, ӨКМдин Жер көчкүлөргө мониторинг жүргүзүү департаментинин башчысынын орун басары, Инженердик долборлоо институтунун адиси, Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо, жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун адистери, ишкерлердин жоон тобу Чыйырчык жайлоосундагы талаштуу аймакка барышты.

Буга чейин ишкерлер Чыйырчык жайлоосундагы сары таштарды чалгындоо боюнча ар түрдүү мөөнөткө лизенция алышкан. Бирок бир нече жыл аралыгында сары таштар чыккан аймакка жакын жайгашкан Ташкоро айылынын жашоочулары ишкерлерге сары таштарды чалгындоо иштерине каршылык көрсөтүшкөн. Тургундардын жүйөөсү боюнча, сары таштар казыла турган болсо көчкү жүрүп, алардын айылын басып калуу коркунучу бар. Ал эми ишкерлер болсо азырынча чалгындоо иштери гана жүрөрүн айтып келишкен. Натыйжада алар чалгындоо иштерин жүргүзө алышкан эмес. Ошондой эле аталган жайда дагы бир талаштуу жагдай бар. Алай районунун расмий өкүлдөрү аталган жер Алай районуна караштуу экендигин билдиришип, ишкерлердин чалгындоо жумуштарын токтотуп келишкен. Ал эми ишкерлер аталган жер Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу экендигин айтып келишкен. Ушундан улам Кара-Суу району менен Алай районунун жетекчилери аталган жерди өздөрүнүн аймагы экендигин бир канча документтер менен тастыктап келишкен. Бирок жыйынтык чыккан эмес.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов баштаган мекеме кызматкерлери эл аралык комиссиянын иши, Кыргыз мамлекеттик долборлоо, жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институтунун адистери GPS аппарат менен талаштуу жердин чек арасын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү менен кошо жүрдү. Иликтөө иштеринин алкагында комиссия Ташкороо айылындагы ФАПка чогулуп акт түздү. Актта Чыйырчык жайлоосундагы 627 гектар жер 1967-жылкы карта боюнча Алай районунун карамагында экени айтылып, комиссия мүчөлөрү кол коюшкан. Бирок Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер адиси аталган жүйөөлөргө макул эместигин актка жазып, кол койгон эмес.

Кийинчерээк расмий өкүлдөр Ташкородогу орто мектепке чогулган жергиликтүүлөр менен жолугуп, иштин жагдайын түшүндүрүштү.

«Талаштуу делген жердин биринчи этабын чечтик. Мына Бишкектен адистерди чакырып, атайын аппарат менен жерди аныктадык. Актта ылайык, 627 гектар жер аянты Алай районуна караштуу болуп чыкты. Эми азыр болгон иш-чаралар боюнча протокол түзүп, акт менен кошо министрлер кабинетине жөнөтөбүз. Министрлер кабинети дагы карап, Жогорку Кеңешке алып кирет. Анан бул ишке Жогорку Кеңеш чекит коёт. Айрым жергиликтүүлөр кен чыккан аймак мазар болгон деп айтып жүрөсүңөр. Бул боюнча Алай районунун акимине тапшырма беребиз. Маданият министрлигинин кызматкерлери кен чыккан аймакта тарыхый мазар бар же жоктугун аныктасын. Эгер бар болсо, ишкерлер жумушун токтотот. Эгер жок болсо, анда ишин улантса болот. Мындан сырткары инженердик изилдөө институту бар. Алар жер кыртышын аныктап чыксын. Ишкерлер сары таштарды казуу иштерин жүргүзсө, жер көчкү болобу же жоктугун аныкташсын. Эгер жер көчкү жүрүү коркунучу болсо, ишкерлерге ал жерде жумуш алып баруу тыюу салынат. Эгер көчкү коркунучу болбосо ишин уланта беришет. ӨКМдин кортунусуна ылайык, силер жашаган айыл кооптуу аймакта жайгашкан. Бир канча үй-бүлөгө башка аймактан жер берилиптир. Ал боюнча да каралат», -деди Д.Жаныкулов.

Бир нече жыл мурун 4 жоопкерчилиги чектелген коому чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лизенция алышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы чалгындоо иштерин жүргүзө элек. Ушундан улам ишкерлер жердин кайсыл районго караштуу экени маанилүү эместигин, алар кайсы районго болсо да салык төлөй беришерин, болгону чалгындоо боюнча лизенциянын мөөнөтү аягына чыкканга чейин чалгындоо иштерин жүргүзүшү керектигин белгиледи.

«Мен биринчи бул жерге лизенция алганда, 2015-жылы Алай районунун жери деп алгам. Лицензияны алгандан кийин Гүлчө айыл өкмөтүнө барып, макулдук алайын дегем. Бирок алар аталган сары таш чыккан аймак бизге карабайт, Кара-Суу районуна карайт дешти. Анан мен Кыргыз мамлекеттик долбоорлор, жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунан корутунду алдым. Алар Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө карайт деп корутунду беришти. Корутундуну алгандан кийин Катта-Талдык айыл өкмөтү чалгындоо иштерине макулдук берди. Андан кийин биз чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн ишти баштаганда эле Ош облусунун ошол кездеги губернатору, Ош облустук милициясынын ошол кездеги башчысы «талаш жер экен» деп комиссия түзүп койду. Бардык иштин башы ошондо башталды. Комиссиясына карталарды көргөздүк. Биздеги карталардын баарында Кара-Суу районуна карайт деп турат. Баарын аныктагандан кийин дагы комиссия түзүлдү. Ушул жерде туруп комиссия жер Кара-Сууга карайт деп кортунду чыгарган. Биз иш баштайын деп келгенде Алай районунун расмий өкүлдөрү:«Бул Алай районунун жери» деп келишет. Бирок колдорунда бир дагы документтери жок. Анан алар башаламан кортундуларды көтөрүп келип алып, башты айлантып жатышат. Мурунку бийликтегилердин бут тосуусунан улам 6 жылдан бери иштей албай жатабыз. Гүлчөнүн айыл өкмөтү бир канча жолу мамлекеттик геологияга «ишкерлер чалгындоо иштерин жүргүзбөй туруп, казып жатышат» деп кат жазды. Бирок алар Мамэкотехинспекцияга айтат. Аталган инспекция текшерип кетет. Эч нерсе жок. Эсептөө палатасында иштеген Алимжан Байгазаков деген бар. Мага чалып алып, «бөлүшпөйсүңбү» деди. «Мен бир адам менен бөлүшпөйм. Элге тегиз пайдасы тие турган кылып бөлүшөм» дедим. Ошондой дегенден кийин мектептин директору, мына азыр иниси жүрөт, ошолор аракет кылып жүрөт. Бул ишке башын тыкпаган адам калган жок. Баарын айта берсем, ушакчы болуп калам. Ошондуктан президент Садыр Жапаровго кайрылам. Ушул ишти көзөмөлүңүзгө алып, чечип бериңиз», - деди «Жол Мет Кен» ЖЧКсынын башчысы Калыйнур Жолонов.

Ишкерлер чалгындоого лизенция алган кезде Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган. Сарыбашов «ишкерлердин ошол кездеги ишин токтоткон» деген сөздү төгүндөдү.

«Менин ал ишке такыр тиешем жок. Ошол убакта аталган иш боюнча комиссия түзүлгөн. Мен Алайдан болгонум үчүн комиссиянын ишине аралашпайм. Комиссия чечсин деп түзгөнбүз. Бул ишке менин тиешем жок. Жөн эле жалаа жаап жүрүшөт. Мен ошондо деле айткам, ишкерлерге бут тоспош керек деп. Ал ишкерлер өздөрү туугандары менен талашып жатышыптыр. Ал ишке бир дагы бийликтин тиешеси жок», - деди Т.Сарыбашов.

Жогоруда сөз болгон эсептөө палатасынын аудити Алимжан Байгазаков анын дарегине айтылган кептер жалган экенин айтты.

«Ал маалыматтар жалган. Мен антип айткан эмесмин. Бул сөздү өткөн күнү да уктум эле. Инилерим деле алардын иштерине тоскоолдук кылган эмес болсо керек. Анан калса мен өзүм ошол Ташкоро айылынан болом. Ал жерде Байгазаковдор көппүз да», - деди А.Байгазаков.

https://osh.turmush.kg/news:444414скачать dle 11.0фильмы бесплатно