Бир күн мурун шаардын башкы планына ылайык Ош шаарынын аймагына кошуу пландалган жер тилкелерин изилдөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.
Бул комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ГАМСУМО) буйругуна ылайык түзүлгөн.
Сапардын алкагында ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү шаардын башкы планынын негизинде Ош шаарынын мэриялары жана аймактар аралык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан сунушталган жерлерге визуалдык текшерүү жүргүзүштү жана бул боюнча өз сунуштарын беришти.
Комиссиянын курамына Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаардын башкы архитектору Алтынбек Токошев, Кара-Суу районунун акимдери, адистештирилген мамлекеттик мекемелердин жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана адистери, ГАМСУМОнун өкүлдөрү кирди.
Комиссиянын биринчи көчмө жыйынынын жыйынтыгы боюнча сунушталган жерлерге тиешелүү корутунду жазылат.
Көтөрүлгөн демилгеге ылайык, Ош шаарында жайгашкан Кара-Суу аймагынын анклавдарынын эки бөлүгүн жана чек арага чектеш 6 участокту шаардын аймагына киргизүү маселесин кароо сунушталган. Сунушталган участоктордун жалпы аянты 969 гектарды түзөт.
https://osh.turmush.kg/news:445273