Ош шаарында электр энергиясы тармагында 80 миллион сом жоготуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда шаардык кеңештин кезектеги сессиясында депутат Данияр Абдуллаев билдирди.
Ал эмне себептен жоготуу болгонуна кызыкты.
Ош шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын өкүлү Азимжан Ташболотов түшүндүрмө берди.
«Былтыр пандемия учурунда электр энергиясы көп колдонулду. Быйыл да энергия жоготуу болуп жатат. Чындыгында бюджеттик мекемелер, "Жылуулук камсыздоо" ишканасы карызды төлөй элек», - деди ал.

https://osh.turmush.kg/news:446366