11-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Россиянын Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү окуу жайларга барып, жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Ректор алгач шаардагы ири окуу жай аталган Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде болуп, алдыдагы кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Жыйынтыгында жакынкы күндөрү эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүүгө макулдашты.
Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде да болду. Окуу жайдын ректору Игорь Максимцев менен кызматташуу жана алдыдагы перспективалык пландар туурасында сүйлөштү. Университетти жакындан тааныштыруу максатында чакан экскурсия уюштурулуп, презентациялар жасалды. Соңунда тараптар кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.
Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург мамлекеттик өнөр жай технологиялары жана дизайн университетинин ректору Алексей Демидов менен жолугуп, кызматташууну өркүндөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Аталган окуу жай менен ОшМУ 2019-жылдын 20-мартынан бери кызматташып келет.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков бүгүн, 12-октябрда Санкт-Петербург мамлекеттик политехникалык жана Балтика мамлекеттик техникалык университетинде болуп, келишимдерге кол коет.

