28-октябрда Ош облусунда пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Ош электр ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 09:00дөн саат 18:00гө чейин төмөндөгү аймактарда электр жарыгы өчөт:
- Өзгөн районунун Куршаб, Кароол айыл өкмөттөрү;
- Кара-Суу районунун Достук, Кайрат, Манас айылдары, Кара-Суу шаарынын Токтогул, Нариман, Савай, Энгельс, Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн көчөлөрү;
- Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Кашка-Жол айыл өкмөттөрү;
- Ноокат районунун Шалдырама, Бобби, Катта-Тал, Адыр, Он-Эки-Бел, Нарай айылдары;
- Ош шаарынын Курманжан датка, Ленин, Сулайманов, Бөрүбаев, Арзыкулов, Тилеке баатыр, Мажиримтал, Монуев, Баялинов, Аматов, Супаналиев, Шамшиев, Нурматов, Алиев, Алымбеков, Жунусов, Карабаев, Пржевальский, Төлөнов, Бөкөнбаев, Пичугин, Луначарский, Фурманов, Космодемьянская көчөлөрү.
Саат 09:00дөн саат 12:00гө чейин төмөндөгү аймактарда электр жарыгы өчөт:
- Ош шаарынын Гастелло, Волгоградский, Чкалов, Абдыкадыров, Кокумбий, Моминов, Бекбалаев, Мамыров, Каримов, Заднепровский, Асранкулов, Алиев көчөлөрү, Кулатов кичи шаарчасында өчөт.
Саат 14:00дөн саат 17:00гө чейин чейин төмөндөгү аймактарда электр жарыгы өчөт:
- Ош шаарынын Масалиев проспектиси, Өзгөн, Монуев, Новаи, Раззаков, Жим, Салиева көчөлөрү.