Ош шаарынын аймагында жүрүгүнчү ташыган унаалар текшерилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын аймагындагы облус, шаар, райондор аралык каттамдагы унаалар боюнча «Кошумча жабдык» аталышындагы рейд өттү. Анын жүрүшүндө 2 миң 322 протокол түзүлдү.
Анын ичинен:
- техникалык кароодон өткөрүлбөгөн 24 унаа;
- айдоочулук күбөлүгү жок 33 айдоочу;
- мас абалында унаа башкарган 28 айдоочу;
- кошумча жабдык орнотулган 10 унаа;
- айнеги караңгылатылган 3 унаа аныкталды.
Ошондой эле 4 унаа айып коргоо токтотулуп, 1 учур боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Мындан сырткары кошумча жабдык орнотуп алган 10 айдоочунун иши тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

