Бүгүн, 26-апрелде, Ош шаарынын борбордук аянтында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жардам көрсөтүү акциясы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акцияга Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, Рамазан айында жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жалпысынан шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынан 105 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Акцияны "Бактылуу коом” коомдук кайрымдуулук фонду Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурган.

 

http://kg.kabar.kg/news/oshto-100d-n-ashyk-az-kamsyz-bolgon-i-b-l-g-zhana-m-mk-nch-l-g-chektelgenderge-azyk-t-l-k-berildi/