Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:56
КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат
16:35
Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар
16:26
Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр
16:06
Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду
15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
10:12
Боронов жаңы ооруканалардын курулушунан шек санап, өзү көзөмөлдөмөй болду
10:10
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алып келинди
Бардык кабарлар

Мунира ТАЖИБАЕВА, жаш ырчы: «ОПЕРАГА АРБАЛЫП КАЛДЫМ»

Ош жаңылыктары / Интервью
975
0

 Мунира ТАЖИБАЕВА, жаш ырчы: «ОПЕРАГА АРБАЛЫП КАЛДЫМ» Мунира Тажибаева  учурда Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин III курсунда окуйт.  Мукам үндүү, тубаса талант. Окуу жайдын педагогдорунун айтымында,  Мунираныкындай кубулжуган үн, чанда кездешет. Андыктан жаш ырчы классикалык жанр-операны тандап алган. Азыр жаштар арасында бул татаал жанрды тандагандар аз. Анткени көпчүлүгү эле эстрада жылдызы болуп, дароо элге таанылып кетүүнү самашат.

 Мунира тескерисинче кайталангыс опера жылдызы болууну максат коюптур.   Окуу жайда активдүү студенттердин бири. Көптөгөн коомдук иш чараларга катышып, жаш курагына карабастан университеттин атын алыска таанытып вокал боюнча кароо сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багынтуу аракетинде. Келечекте Замира Мавляновадай атактуу  опера ырчысы болууну кыялданат. Табияттан музыкага шыгы бар талантуу кызга атасы колдоо көрсөтүп, кесипти тандаганга багыт  берген.

“Атам жакшы ырдап, комузду жакшы черткен үчүн мени да, эжемди да ырчы кесибин тандоого үндөгөн. Алгач мен башка кесипти тандоону ойлонуп жүргөм, кийин талантымды мындан ары өөрчүтүп вокал боюнча терең билим алууну чечтим. Эжем учурда Ош областтык Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда ырчы болуп эмгектенет, ал эми дагы бир эжем ЭлТР телеканалында журналист болуп иштейт. Атам да жогору да айтып өткөндөй таланттуу адам. Мен ушундай чыгармачыл инсандардарга бай үй-бүлөнүн мүчөсү экениме сыймыктанам”.

 Мунира Тажибаева быйыл күз айларында  коңшу Өзбекстандан келген делегация үчүн уюштурулуган кечеде өзбекче опералык ырды жогору ышкыбоздук менен аткарганын чыгармачылыгынын алгачкы дебюту катары  белгиледи.  Мукам үнүн өзү окуган окуу жайдын ректораты татыктуу баалап “Ош Мамлекеттик Университетинин  алтын үнү» наамын эл аралык студенттер күнүндө ыйгарышкан.

 “Музыка мен үчүн бул жашоо, бул менин эртеңим жана бүтүндөй келечегим. Мен ушул классика жанрын тандап алганымдын себеби Замира Мавлянова эжекебиздин аткаруусун угуп операга арбалып калдым”,-  дейт жаш талант Мунира. 

 Сабактан тышкары Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда аткаруучу  болуп эмгектенет. Жаш экенине карабай 3 ырды жаздырганга жетишкен. Андан тышкары коптогон ырчылар менен ири концерттерге катышып келет.

Жанна АСКАРОВА, Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно