2022-жылдын 3-июнунда «Ош» эл аралык аэропортунда Ош-Анталия багыты боюнча биринчи чартердик каттам ачылды.

«Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдиргендей, 184 жүргүнчү Ош шаарынан Анталияга учуп кетти.

«Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан Анталия-Ош-Анталия багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу (дүйшөмбү жана жума күндөрү) аткарылат.