Маалым болгондой, Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну Б.М. 14-ноябрда Ош
облусунун аймагында өткөн «Экстремист» ыкчам алдын алуу иш-чарасынын
жүрүшүндө кармалган. Ал жаран социалдык баракчасы аркылуу Кыргыз
Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна
таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды
жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын
колдоп жүргөндүгү аныкталган.
Аталган факт Ош ОИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине
катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик
материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого
жиберилди.
Источник: https://osh.turmush.kg/news:482378