Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-ноябрында Кара-Суу районунун 43
жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2020-жылдын 5-
июнунан 2022-жылдын 3-октябрына чейинки аралыкта ага тааныш болгон 1990-
жылы туулган Т.Т. ишеничине кирип, Казакстан Республикасынан ар кандай
товарларды алып келип берем деп, 12 000 000 сом акчасын алып, бербей жүргөн.
2022-жылдын 22-ноябрында Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн
кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын
жыйынтыгында Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Т.Т. (аял киши) менен
Ноокат районунун 36 жаштагы тургуну З.Х. кармалды. Шектүүлөр Кара-Суу
РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза
кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экени
текшерилип, тергөө жүрүп жатат.
Источник: https://osh.turmush.kg/news:484427