Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

МАЙЫПТЫГЫНА ЧЕГЕРИЛЧҮ ПЕНСИЯСЫН 31 ЖЫЛДАН БЕРИ АЛБАЙ ЖҮРГӨН

Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар
653
0

“Мына бир бутум протез, экинчи бутум манжалары жок”, - дейт бутун көрсөтүп жатып 53 жаштагы Мариф Убайдуллаев.

 

МАЙЫПТЫГЫНА ЧЕГЕРИЛЧҮ ПЕНСИЯСЫН 31 ЖЫЛДАН БЕРИ АЛБАЙ ЖҮРГӨН

 

Мариф Убайдуллаев акыркы 30 жылдан бери, диета кармап, ашыкча салмак кошуунун алдын алып келет. Анткени анын бир буту тизеден, экинчисинин манжалары жок болгондуктан салмагын көтөрүп басып жүрүү оор. Ал 1985-жылы “Орто Азия темир жолу” ишканасында иштеп жүрүп кокустуктан жабыркап калган. Күтүлбөгөн тепловоз келип эки бутун тебелеп кеткен. Ошол мезгилден ушул күнгө чейин жабырлануучу аталган ишканада иштөөнү улантып келет, анын кызмат учурунда кырсыкка кабылганы үчүн “Ош темир жол” ачык акционердик коому 500 сом донкомпенсация төлөйт, бирок майыптыгы үчүн эл катары пенсия албай келет.

“Мен өзүмдүн ишканамдагы бухгалтериядан менин пенсиямды качан көтөрөсүңөр 10 жылдан бери 500 сомдон көтөрүлбөй койду го дегенимде, алар пенсияны сен соцфонддон аласың, биз компенсация төлөп жүрөбүз ушунча жылдан бери дешти. Мен ошондо гана пенсия дагы алганга укугум бар экенин билдим”, - дейт Мариф Убайдуллаев.

Бирок, Убайдуллаевдин айтымында ал кырсык болгон жылы эле, социалдык фондго кайрылып, алар майыптык китепче беришкен. Бирок пенсия төлөнгөн эмес. Жабырлануучу 10 жыл өткөндөн кийин 1996-жылы дагы кайрылганда, өзү таң калаарлык жагдайга туш болгонун айтып берди:

“Мени 1995-жылы өлгөн деп журналына жазып коюшуптур. Анан мен өлгөн эмесмин деп айтсам сен эми майыптыгыңды далилдеп документ топтоп кел дешти мен топтоп бардым. 1996-жылы мага дагы III топтогу мөөнөтсүз майыптыгы анык деген китепче берип жатышат, бирок андан бери деле 20 жыл өттү дале пенсия беришкен жок”.

Иштин чоо жайын сурайын деп Ош шаардык социалдык фондго кайрылганда интервью берүүдөн баш тартышты. Болгону Бишкекте Республикалык социалдык фонддо каралып жатканын маалымдашты. Бирок жабырлануучунун өзүнө 31 жылда топтолгон пенсия эмес, акыркы үч жыл аралыгында чегериле турган пенсия гана төлөнөт деп айтышкан. Бирок аны да соттун чечими чыкса гана төлөп беришет экен. Убайдуллаев укугун коргоп берүүнү өтүнүп, Ош шаардык прокуратурага жана акыйкатчы институтунун Оштогу өкүлчүлүгүнө кайрылган.

Асан Ашырбаев, КР Акыйкатчы институтунун Ош шаары жана Ош областы боюнча өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси: “Биз Ош шаардык прокуратурага, Республикалык соцфонддун төрагасына кайрылып бул фактыга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну сурандык. Бул маселе кандай чечилип жатат акырына чейин көзөмөлгө алабыз”.

Учурда бул фактыны Ош шаардык прокуратурасы териштирип жатат, мекеме маалымдагандай эгерде кылмыштын курамы аныкталса кылмыш иши козголушу мүмкүн, ал эми жабырлануучуга канча компенсация төлөнөт сот тарабынан чечилет. Негизи мыйзамда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын күнөөсү менен пенсия төлөнбөсө акыркы үч жылдын пенсиясы төлөнүп берилиши керек дейт Убайдуллаев. Анткени айтымында ал тараптан мыйзам бузуу болгон эмес, өзү бир нече жолу соцфондго кайрылып тийиштүү документтерди тапшырган. Бул окуянын чоо жайын кийинчерээк дагы маалымдайбыз.

Жанна АСКАРОВА,
Ош

скачать dle 11.0фильмы бесплатно