Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Кочкор районунун Чолпон айылынын аймагында Бишкек шаарынын, Ош облусунун, Кочкор районунун тургундары аңчылык учурунда жеринен кармалды.
Жыйынтыгында протоколдор түзүлүп, ар бир жаранга 12 миң 500 сомдон айып салынып, жалпы айыптын суммасы 75 миң сомду түздү.
Чогултулган материалдар райондук милицияга ѳткѳрүп берилди.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/kochkordo-myizamsyz-a-chylyk-kylgan-zharandar-karmaldy/