Маалыматка ылайык, райондук Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, өзүнө таандык интернет мейкиндигинде таратып жүргөндүгү аныкталган.
Топтолгон материалдын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесиндеги ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголуп, иши соттун кароосуна өткөрүлдү.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/nookatta-25-zhashtagy-zharan-ekstremisttik-m-n-zd-g-materialdardy-taratyp-zh-rg-n/