Иш-чара №52 Кыргыз-Түрк достугу мектеп лицейинде Түркиянын маданият
күндөрүнүн алкагында уюштурулду. Ага Түркиянын эбру искусствосунун устаты,
белгилүү сүрөтчү Хикмет Барутчугил келди. Ал ар кайсы мектептен келген
окуучулар менен жолугушуп, сүрөткө кызыккан жаш балдарды шыктандыруу
максатында 50 жылдык тажрыйбасындагы атайын мастер-класстарды көрсөтүп
берди.
Эбру боёктордун жардамы менен суунун үстүндө сүрөт тартуу дегенди
билдирет. Ар кандай боёкторду тамчылатуу аркылуу бири-бирине
окшобогон кайталангыс сүрөт искусствосу жаралат. Бул искусство
Өзбекстандын Букара шаарында жаралып, кийин Иранга жайылган. Ал эми
эң мыкты аткарылган иштер, сүрөт көргөзмөлөр, Түркиянын Стамбул
шаарында 11 кылымда пайда болгон.
Источник: https://www.turmush.kg/news:505096/?from=akipresskg&place=last