Билдирүүгө караганда, 14-мартта Өзгөн райондук милициясына 38 жаштагы Д.Х. (аял киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.
Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын 16 жаштагы А.О. аттуу өспүрүм кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/zg-nd-9-zhashtagy-kyzdy-zorduktoogo-shektelip-sp-r-m-karmaldy/