Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри Бакытбек Жетигенов билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мэр Ак-Тилек кичи районундагы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчанын, Курманжан-Датка атындагы №31 мектептин кошумча корпусунун жана спорт залынын курулушун көрүп чыкты. Калаа башчысы курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнөн кечиктирилбей бүткөрүлүшүнө көңүл бурууга чакырды.
Белгилей кетсек, учурда шаарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча жана республикалык бюджеттин эсебинен бир нече мектеп курулуп жатат.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/osh-shaarynda-bir-ele-mezgilde-3-bala-bakcha-zhana-bir-neche-mektep-kuruluuda/