Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы район боюнча 249 аз камсыз болгон, оорулуу жана жалгыз бой энелерге ун, өсүмдүк майы сыяктуу зарыл азык-түлүктөрдөн турган жардамдар таратылды.
Мечиттерде көрсөтүлгөн жардамдар төмөнкүчө:
«Жийделик» мечитинен 35 үй-бүлөгө 145 миң сомдук;
«Нур-Ислам» мечитинен 55 үй-бүлөгө 110 миң сомдук;
«Алим тепе» мечитинен 32 үй-бүлөгө 91 200 сомдук;
«Сармазар» мечитинен 50 үй-бүлөгө 62 500 сомдук;
«Бешкапа» мечитинен 32 үй-бүлөгө 96 миң сомдук;
«Умар» мечитинен 30 үй-бүлөгө 30 миң сомдук;
«Бирдик» мечити 8 үй-бүлөгө 8 миң сомдук;
Ал эми «Зубайр ибн Аввам» мечити 7 үй-бүлөгө 20 600 сомдук жардам көрсөтүлдү. Аталган жардамдардын жалпы суммасы 563 300 сомду түзөт.