Ишембиликте бардык уюмдар, ишканалар, жогорку жана орто окуу жайлары өздөрүнө бекитилген аймактардагы бак-дарактарды актап, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен айланадагы таштандыларды, арыктарды тазалоо иштери жүрдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө 5 миңден ашык бак-дарактар акталып, 12 чакырымга жакын арык тармактары тазаланды.
Тазалоо иштеринин жыйынтыгында "Ош-Тазалык" жана "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери 1800 метр куб таштанды чыгарышты.
Мындан тышкары, Жапалак айыл аймактык башкармалыгына 3,4 миң түп ийне жалбырактуу жана мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрү тигилди. Ошондой эле, ишембиликтин алкагында 3 миңден ашык ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду.
Жалпысынан шаар боюнча ишембиликке 15 миңден ашык адам катышты.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/osh-shaarynda-12-chakyrym-aryk-tazalanyp-1800-kub-metr-tashtandy-chygaryldy/