"Фестиваль Кыргыз Эл Баатыры, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жана казак элинин улуу жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуусу, коомдук ишмери Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат. Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурастарын, каада-салтын, өнөрүн сактоо жана өнүктүрүү”, — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, Америка, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Башкыртстан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен республикаларынын өкүлдөрү катышат.
Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы 2006-жылдан тарта өткөрүлүп келет.
Источник: https://sputnik.kg/20230423/oshto-duyno-elderi-epos-el-aralyk-vii-festivaly-otot-1074658067.html