Мындай чара Ош шаарында таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабынын алкагында бүткөрүлгөн суу түтүгүн борбордук суу берүүчү түтүккө туташтыруу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экендиги айтылат.
Бул аралыкта төмөнкү аймактарда ичүүчү суу өчүрүлбөйт: Манас-Ата (ХБК), Туран, Достук кичи району, Калинин массивинде.
"Ош суу канал” муниципалдык ишканасы Ош шаарынын тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала ичүүчү таза суу камдап алууну өтүнөт.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/oshto-2-maida-airym-zherlerde-suu-ch-t/