Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлүү деген маселеси катары айылды толугу менен Ош шаарынын курамына кошуп алуу зарылчылыгын айтышты.
Бүгүнкү күндө жашоочулар Ош шаарынын тургундары болгону менен жери Ноокат районуна караштуу. Андыктан документ алуу иштеринде кыйынчылыктар көп экендигин кошумчалашты.
Шаар мэри Бакытбек Жетигенов айыл жашоочуларынын суранычын орундатуу да жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрүп, жардам жана колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/oshtogu-almalyk-aiylynda-150-orunduu-zha-y-mektep-kurulat/