[media=http://https://www.youtube.com/watch?v=emBcA0MNPLI&t=7s&ab_channel=МВДКР]
Кылмышка шектелип төмөнкү адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды:
- 1997-жылы туулган М.Б., Өзбекстан жараны;
- 1986-жылы туулган Э.Ж., Өзбекстан жараны,
- 1993-жылы туулган А.Т., Өзбекстан жараны, мамлекеттер аралык издөөгө алынган;
- 1986-жылы туулган А.И., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 1971-жылы туулган М.Н., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 1971-жылы туулган Б.Э., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 1976-жылы туулган А.Ш., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 2003-жылы туулган С.А., Кыргыз Республикасынын жараны.
Мындан сырткары, кармалган жарандар Кара-Суу районунда үйүнөн чыгып бараткан ишкердин Toyota Land Cruiser 200 унаасын аткылап, ири суммадагы акчасын тоноп кеткен окуяга да шектелүүдө. Башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу териштирилип жатканы айтылган.
"Кармалгандардын арасында эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү, анын ичинде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар жана мурда соттолгондор да бар. Кармоо учурунда шектүүлөрдөн автомат, тапанча, баңгизат табылды. Ошондой эле колго жасалган бычактар, кастет, ок-дары жасоочу жабдыктар, жардыруучу зат – граната табылып, аларга экспертиза дайындалды", — деп билдирди ИИМ.