Маалыматка караганда, 30-май күнү УКМК тарабынан республиканын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жашыруун террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада Ош облусундагы Өзгөн шаарынын четинде ок-дары жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылган.
"8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы, 114 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор, 1 даана 9 мм калибрлүү патрон, 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза табылды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Источник: https://sputnik.kg/20230602/ozgon-ok-dary-zhardyrgych-tabyldy-1075881972.html