Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

АРАВАН РАЙОНУНДА 105 НАРИСТЕНИН ӨМҮРҮ 10 ЖЫЛДАН БЕРИ ТОБОКЕЛГЕ САЛЫНЫП КЕЛЕТ

Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар
906
0

Араван райондук №1 балдар бакчасынын имараты авариялык абалда, область жетекчилиги, райондун акими балдардын бакча тууралуу кабары, бар бирок чара көрбөй келишет. Анткени имарат райондогу бизнес объектисин ачууга ыңгайлуу жерде жайгашкан, майлуу сүттүү жер тилкесине көз арткан капчыктуулар көп, алар мекеменин жабылып калуусуна кызыктар, ошон үчүн имарат жаңыланбайт, а түгүл жаңы имарат курууга аракеттер да көрүлбөй келет дешет бала бакчанын кызматкерлери. Ал арада кичинекей чүрпөлөрдү атаэнелер күн сайын кооптонуу менен бакчага алып келишет.

 

 

АРАВАН РАЙОНУНДА 105 НАРИСТЕНИН ӨМҮРҮ 10 ЖЫЛДАН БЕРИ ТОБОКЕЛГЕ САЛЫНЫП КЕЛЕТ

 

Бакчанын имараты качан салынганы туурасында так маалымат жок. Бирок жергиликтүү аксакалдардын божомолунда имараттын салынганына 150 жыл болуптур. Алгач мечит болуп 1870-жылы курулуп, кийинчерээк мектеп, навайкана, анан балдар үйү болуп, 1939-жылдан тарта бала бакчага кызмат кыла баштаган дейт айыл тургуну Апиятхан Арипханова.

“Менин кайнатам бул имараттын тарых таржымалын жакшы билээр эле, ал киши азыр өтүп кетти. Мен 60ка чыгып калдым. 40 жыл мурун жаңыдан келин болуп келгенимде, кайнатам айтчу бул имаратка 100 жыл болду, мурда мечит болчу деп. Айтымында кайнатамдын атасы ушу мечитте таалим алчу экен эле. Бул имаратты бузуп салып, жаңы бакча курууга эбак эле убакыт келген, бирок көңүл бөлгөн киши жок турат дагы деле”.
Араван райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер имарат адам өмүрүнө кооптуу, колдонулбасын деп бир нече жолу эскертүү берген. Андан тышкары райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жылына төрт жолудан мекеме, санитардык талаптарга жооп бербейт деген эскертме берип турат. Бирок бала бакча жетишсиз болгондугуна байланыштуу ата-энелердин өтүнүчү менен бакча жабылбай келет.
Ош областындагы Араван райондук №1 балдар бакчасынын тарбиялануучусунун апасы Зухра Мирзаева бакчанын абалы тууралуу буларды айтты:

“Сыртынан караганда бул имаратты эч ким бала бакча деп ойлобойт, малканага эле окшош. Дубалдары жарака, эскилиги жеткен. Тааныштар ушул бакчага кантип коркпой балдарыңарды бересиңер?, - деп сурашат. Айла жок, балдарыбыз билимден өксүп калбасын, мектепке даярдык көрүшсүн деп берип жатабыз. Чоңдордон, Президенттен көңүл буруп жаңы бакча куруп берүүсүн көптөн көп суранабыз. Бакча бизге керек, Араванда баары эле дыйкандар, күндүз балдарды караганга адам жок”.

Аравандын дагы бир тургуну Мессир Осмонова болсо балдардын коопсуздугуна санаа тартканын айтты.

“Күн сайын коркуп араң жөнөтөбүз балдарыбызды. Келгиче сарсанаа болобуз, эмне болуп кетти экен, имарат кулап балдарды басып калбады бекен деп. Эжекелери балдарды жакшы карашат го, бирок бала деген бала эмеспи?! Баары бир имаратка жакын барып ойношуп басып калбайт дегенге кепилдик жок”.

Мекеменин жетекчиси Мубарак Гапиржанова имаратты бузуп, жаңыдан салуу өтүнүчү менен баардык тийиштүү жетекчилерге кайрылып, натыйжа чыгара алган жокмун дейт.

“Бул бакча тууралуу губернатор да, Араван районунун акими да, айыл өкмөт, райондук билим берүү башкармалыгы жада калса, министрлик да билет. Баарына бир нече жолудан кайрылгам. Бирок натыйжа жок. Бул жагдайда атайын эле чара көрүлбөй жатат деген да ой жаралбай койбойт экен. Анткени райондогу төрт мамлекеттик бала бакча бар, баарын жаңылашты, ушул биздин бакчага келгенде эле кыймылдашпай жатышат. Демек бул жер тилкесине кызыгып жаткандар бар окшойт, бирок кимдер билбейм, бирок кызыккандар жок деп да айта албайм”.

Бала бакчанын администрациясына өкмөттөн чара көрүлөбү жокпу так даана жооп да келген эмес. Ал арада күн сайын 105 наристенин өмүрү тобокелге салынып бакчага барып жатышат. Качан бул маселе чечилет белгисиз.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно