Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

АЯЛДАРГА КАРАТА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК ӨСҮҮДӨ

Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар
3 269
0

Ошто өз жанын кыйгандар менен суицидке аракет кылган кыз келиндердин саны өскөн. Көпчүлүгү үй-бүлө мүчөлөрүнөн, айлап-жылдап запкы жеп жүргөндөр. Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова Парламенттик жыйында: “Зомбулук күндөн-күнгө өсүүдө, ал эми коом бул көрүнүшкө кайдыгер”,- деп айткан. Чынында эле кыз-келиндерге карата физикалык, психологиялык жана сексуалдык зордук-зомбулук токтомок турсун, өсүп жатканын расмий статистикалар да айгинелейт.

 

 

АЯЛДАРГА КАРАТА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК ӨСҮҮДӨ

 

Жаңы Ноокат айылынын тургуну Мавлюда Камилованын 23 жаштагы кызы, кайнежеси тарабынан, тынымсыз ур-токмокко кабылган. Нигора күйөөсүнө телефон аркылуу даттанган. Бирок жолдошу, эжесине болушуп койгон. Төркүнүнө бир нече жолу качып келген, апасы да “Бизди уят кылба! Тынып кет!”,- деп кайын журтуна жеткирип берген. Эч жерден колдоо таппаган келин өз жанын кыйган.

Мавлюда Камилова:
“Кайнежеси кызымды туфлисин чечип алып, такасы менен башына көп жолу уруптур. Баштары томуюп, ичин кармап үйгө араң жетиптир. Ичине да катуу тээп салган экен. Мен коруп дароо милицияга, ооруканага баралы дедим, кызым элге-журтка уят болобуз, андан көрө өлүп эле калайынчы апа деди. Мен кой сен жатып тур деп, инимди жардамга чакырып келейин деп кетип коңшу көчөгө кетсем, келгенимче малканага кирип жуунуп, намаз окуп, анан асынып алыптыр”.

Нигора жолдошу менен болгону 36 күн гана бирге жашаган. Андан соң күйөөсү Россияга иштегени кеткен. Ал ошол бойдон Нигораны тирүү көргөн эмес.

Ош шаары жана Ош областынын аймагында орун алган 2013-жылдан 2016-жылдын июнь айына чейинки суицид фактыларынын статистикасы:

1. Ички иштер башкармалыгында
202 суицид катталган.
2013-жылы - 59 факты
2014-жылы - 69 факты
2015-жылы - 54 факты
2016-жылдын 6 ай аралыгында
эле - 30 суицид катталган.

Укук коргоо органдарынын анализине ылайык өз жанын кыйган аялдардын 88% үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар.

Статистика суициддин жылдан жылга өскөнү көрсөтүүдө.

2. 3,5 жыл аралыгында Ош шаардык жана областтык ооруканаларга суицидке аракет кылып 131 аял түшүп көз жумган.
3. 3,5 жыл аралыгында, ал эми соттук медициналык экспертизага суицид жасап өлгөн, 11 аялдын сөөгү түшкөн.
Калгандары же экспертизага берген эмес. Же айрым маркумдардын өлүмүнүн себеби, суицид эмес, адам өлтүрүү болгону аныкталган.
4. 3,5 жыл аралыгында суицидке жеткирүү беренеси менен бир дагы жаран сот жообуна тартылган эмес.

202 аял суицид жасап каза болгону менен, 3,5 жыл аралыгында, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренеси менен бир да жаран соттолгон эмес.
Себебин сураштырып көргөнүбүздө, суицидден көз жумган кыз келиндердин туугандары, “акыйкат чечимге жетээрине ишенбейбиз, ошон үчүн сотко кайрылган жокпуз”,- деген жоопторду беришти.
Биздин каарманыбыздын ата-энеси 9 жылдан бери Нигора Камилованын өлүмү үчүн, кайнежесин жоопко тарттыра алышкан эмес. Сот кайнежесинин ордуна, маркумдун, улгайган кайненесин, болгону бир жылга шарттуу кесип койгон.
“Жүздөн ашык кат жолдодум, жооп жок. Иш жабылган деп эле кутулушат. Эмне үчүн кайнежеси урса кызымды карыган кайненесин жоопко тартты, түшүнүксүз”,- дейт Мавлюда Камилова.

Маркум Нигоранын атасынын айтымында ишти алып барган прокурор тергөөнү бурмалаган. Натыйжада кайнежесинин ордуна кайненеси шектүү катары тартылып, сот анын улгайган курагын эске алуу менен бир жылга шарттуу кескен. Кийинки инстанция үстүнө дагы бир жыл кошкон. Ош областтык прокуратуранын берген маалыматына ылайык ал ишти алып барган прокурор, бул тармакта көптөн бери иштебейт, ал эми чечим чыгарган судья камакта. Андыктан экөө менен тең сүйлөшүү мүмкүн болгон жок. Нигоранын атасы Сакижан Камилов акыйкаттык издеп ушул жылдар аралыгында акыйкатчы институтуна, башкы прокуратурага, жана Президенттерге кайрылып, баарынан тең жогорку соттун чечими кайра каралбайт деген жооп алып келген. Акыры 2015-жылдын декабрь айында материалдык жана моралдык чыгымды өндүрүү өтүнүчү менен сотко арызданган.

Сакижан Камилов:
“Кызымдын өлүмүнө кайнежеси себепкер, ал Нигораны үйүнөн биздин үйгө чейин уруп, келгенин кошуналарым көргөндөр бар. Төрт кишиге салып берем деп коркуткан, ошодон коркуп өлүп алган кызым. Соттор болсо кайненеси соттолду го болот да деп жатышат. Соттошуп жүрүп чарчап 9 жыл өткөндөн кийин мен эми материалдык моралдык чыгым төлөп берсин деп арыз жаздым, соттон үмүт кылып турам азыр”.

Кээде суицид тууралуу маркумдардын туугандары өздөрү да жашырып коюшат.
Гульмира Уметалиева, “Сезим” кризистик борборунун PR менеджери:
“Анткени, жаназа окулбай калат деп кооптонушат. Милицияга “ооруп өлдү”,- деп коюшуп, көп кылмыштардын бети ачылбай калат. Өлгөн адам менен бүт маалымат да, арыз- арман да, кошо көмүлүп кетет”, - дейт.

 

КОРГОО ОРДЕРИ

3,5 жыл аралыгында укук коргоо органдары аялдарына зордук көрсөткөн, 2,5 миңден ашык эркекке коргоо ордерин беришкен. Бирок, күнүмдүк турмушта үй-бүлөлүк чыр чатак андан көп болуп турат. Болгону жабыркаган аялдардын 10% гана укук коргоо органдарына кайрылышат.
Атын атагысы келбеген Ош шаарынын Күкүмбий көчөсүнүн тургуну 24 жаштагы келин коргоо ордеринин таасирин мындайча айтып берди:
“Жолдошум ичет, мени урат. Акыры милицияга арыз жаздым. Алар коргоо ордерин беришти биринчи тоготкон деле эмес. Үчүнчү жолу 16 суткага камап койгондон кийин көп ичпей калды, ичсе да мага көп асылбай калды”.
Аялдар өздөрү арыздарын кайтарып алышат. Коргоо ордерин алган эркектердин 12% на карата гана кылмыш иши козголгон. Калгандарынын аялдары өздөрү арыздарын кайтарып алышат, же аларды кайын журту мажбурлайт. ИИМдин берген маалыматына ылайык акыркы 15 жыл аралыгында 21530 аял арызын кайтарып алган.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны өскөн.

1. 3,5 жыл аралыгында Ошто милиция органдары 4321 жолу үй-бүлөлүк чыр чатак чыкты деген чакырууларга барышкан.
2. Бирок алардын 1430 гана, ички иштер башкармалыгында каттоого алынган.
3. 3,5 жылда соттук медициналык экспертиза бюросуна токмокко кабылган 1004 гана кыз-келин кайрылган
4. 3,5 жылда административдик жоопко 567 эркек тартылган
5. 3,5 жылда Кылмыш жообуна аялдарын урган 215 эркек тартылган
6. 3,5 жылда аялын урган эркектердин болгону 107 си камалган
7. Натыйжада арызданган ар бир 42 аялдын бирөөсү гана ишти сотко чейин жеткирген.

Мыйзамда суицидке аракет кылуу деген берене жок, мындай фактыларды, милиция органдары “уулануу”, - деп катташат. Былтыркы жылы Ош шаары жана Ош областы боюнча 300 аялдардын уулануусу катталса, быйыл 6 айда эле 360 уулануу катталган. Көпчүлүгү тынымсыз кайталанган зомбулуктун кесепетинен өлгөнгө аракет кылгандар.
Кыргызстанда кайсы мыйзамдар зомбулуктун курмандыктарын коргойт?
1. 2010-жылы Конституцияда эркек менен аялдардын тең укуктуулугу бекитилген.
2. 2003-жылы “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо” тууралуу, мыйзам кабыл алынган
1. 2008-жылы Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн, мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

 

Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кандай жоопкерчилик каралган?

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жасаган адам, кылмыш жообуна жана административдик жоопко тартылат. Ар бир факты боюнча ар кандай деңгээлдеги жаза каралат. Жазанын түрү кылмыштын деңгээлине, жабырлануучунун алган жараатынын деңгээлине жараша сот тарабынан тандалат.
“Үй-бүлөлүк зордук зомбулук үчүн акчалай жазага салуу, эффект бербейт”- дейт Ош шаардык ИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Акчалай жазага салынганда эркектер кайрадан эле аялын, “сен үчүн акча төлөдүм”, - деп ура баштайт. Ошон үчүн соттор аялын уруп түшкөн эркектерди коомдук иштерге тартып, анын иштеген жерине кабар берип уяткарып турса эффективдүү болмок”, - деп кошумчалады Сыдыков.

 

ЭЛ АРАЛЫК УКУКТУК НОРМАТИВДЕР

Жергиликтүү мыйзамдардан тышкары гендердик тең укуктуулукту сактоо боюнча, Кыргызстан эл аралык укуктук нормативдерге да кол койгон. 1995-жылы Пекин платформасына, бир нече эл аралык конвенцияларга анын катарында БУУ-нун конвенциясына, ошондой эле БУУ-нун миң жылдык декларациясына да кол койгон. Натыйжада Кыргызстан эл аралык жоопкерчиликти моюндаган.
“Үч жылдан бери биздин социалдык өнүгүү министрлиги АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун комиссиясынын алдында отчёт берет. Отчётте биздин өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулук бар экенин, ага биздин мамлекет ынангандыгын моюндап эле келет. Андан соң комиссия отчётко жараша эскертүүлөрдү берет, бирок өзгөрүү жетиштүү эмес. Аны биз үй-бүлө деген институттун абалы өтө начар болуп турбайбы ошодон билсек болот. Мамлекет үй-бүлөнүн баалуулуктарын приоритет кылып алышы керек да”- дейт «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фондунун жетекчиси Авазкан Ормонова.
Үй-бүлөлүк зомбулук аялдарды суицидке жана кылмыштуулукка түртүүдө.
Кыргызстандын түрмөлөрүндө учурда күйөөлөрүн өлтүрүп салган, 21 аял жаза мөөнөтүн өтөөдө. Абактагы аялдардын дээрлик баардыгы тынымсыз ур-токмокко чыдамы бүтүп, акыры ушул кадамга барышкандар. Жактоочулардын айтымында соттор аялдарга карата жеңилдетүүчү жагдайларды бербестен, тескерисинче эң оор жаза беришет. Бул гумандуу эмес.

 

СУИЦИДДИН СЕБЕПТЕРИ

«Ак Жүрөк» кризистик борборунун психологу, Гульнара Онкошева:
“Суицидке аялдар үй-бүлөлүк чырдын кесепетинен барат. Көбүнчө кайнене, кайната келинди жактырбайт уруш ошодон чыгат. Анан жаш үй-бүлөгө материалдык моралдык колдоо жок бул да суициддин бир себеби”.
Дагы бир себеби эрте турмуш куруу. “Аялдар Тынчтык Банкы” коомдук фондунун берген маалыматына ылайык, Ош областынын башка райондоруна салыштырмалуу Ноокат, Өзгөн жана Араван райондорунда эрте турмуш кургандар коп.
Ноокат райондук аялдар кеңешинин төрайымы, Калыс Тагаева “Айрыкча өзбек улутундагы үйбүлөлөрдө кыздарды 9-класстан кийин окутпай коюшат. Эмне үчүн десек кыздарыбызды 11-класска чейин окутсак, үйлөнбөгөн балдар, албай коюшат. Кызыбыз карып кете дешет. Ал эми кыздар менен сүйлөшсөк, алар окугубуз келет, жогорку билимдүү болгубуз келет, бирок ата-энебиз жибербей коюшат деген ойлорун айтышты”.
“Дагы бир себеби экономикалык жетишпегендик”, – деген оюн Ош шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Заит Сатыбалдиев айтты.
“Экономикага байланыштуу. Мындан 7-8 жыл мурда суицид деген кескин азайган. Акыркы маалда жашоо оорлошо баштады, суицид да көбөйө баштады”.
Ал эми психологдор эркектин кичине кезинде алган тарбиясынан, анын аялына болгон мамилеси көз каранды-дешет. Эгерде эркек кичинесинен зомбулуктун көрүп чоңойсо, өз турмушунда да аялын урганды туура көрөт.
“Дагы бир себеби бул элибиздин менталитети, салт санаасы. Зомбулукка кабылган аял төркүнүнө келсе, ал ата-энеси тарабынан да колдоо таппайт. Ата-энеси: “Үйдөгү чырды сыртка чыгарба, маңдайга жазганын көрөсүң, бул сени тагдырың, чыдашың керек”,- деп кайра күйөөсүнүн үйүнө жеткирип салышат. Анткени кызынын коопсуздугунан да, эл эмне дейт деген кеп, сөздөн көбүрөөк коркушат” - деген оюн” - “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гульсана Абытова билдирди.
Кызганыч, аракечтик жана баңгиликтин айынан да урушкан жубайлар арбын.
“Эмне гана кылып кордободу мени?! Үстүмө үч жолу аял алды, урду. Мени баарына чыдап жашай берет деп ойлогон, бирок баардык
нерсенин чеги болот. Менин үйүм жок болсо эле кордой берсе болмок беле?! Акыры чыдабай кетип калдым, эми балдарымды тынбай уруп жатыптыр, айрыкча 12 жашаар кызымды көп урат экен. Же балдарымды бербейт, же көрсөтпөйт” - дейт Сирена аттуу Ош шаарынын тургуну.

Алдын алуу иштери начар жүргүзүлүүдө.

“Аксакалдар соту, коомдук алдын алуу борборлору ар дайым постфактум кийлигишип калышат. Алдын алуу иштери солгун жүрүүдө. Качан гана аялдар кичинекей балдары менен көчөдө калганда кийлигишип маселени чечүүгө аракет кылышат. Ушул себептерден улам да суицид көбөйүп жатат”,- дейт Гульсана Абытова.

Аял милицияга кайрылган учурда, коопсуздугуна кепилдик жок.

“Союз мезгилинде соолуктуруучу жай деген болчу, мас абалындагы күйөөсүн кооптуу мезгилде ошол жака кармап туруп, көптөгөн трагедияны болтурбай калышкан. Ошол соолуктуруучу жайларды жандандыруу зарыл болуп турат. Соолуктуруучу жай болгондо көп трагедиялар болбой калмак”,- дейт Замир Сыдыков.

Муниципалдык органдар, каражат жоктугунан, алдын алуу иштерин эффективдүү жүргүзө албай жатканын айтышууда. Чындыгында
коомдук алдын алуу борборлорунун адистери айлык акы албастан иштешет. Жада калса көпчүлүгүнүн, аялдарды кабыл алууга жеке кааналары да жок.

Ош шаарынын Керме-Тоо аймактык кеңешинин аялдар иштери боюнча комиссиясынын мүчөсү Ганифа Токтомушева:

“Бизге быйыл болгону бир аял кайрылды. Бирок мен үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар жок, деп айтуудан алысмын. Жапа чеккен аялдар көп, бирок бизден жакшы жардам ала албаган үчүн, алар кризистик борборлорго көбүрөөк кайрылышат”, - дейт.

Үй-бүлөлүк чыр чатактар боюнча, аксакалдар соту да иш алып барышат. 3,5 жыл аралыгында аксакалдар сотуна, милиция органдары, 1000 ден ашык ишти өткөрүп беришкен. Бирок бардык эле аялдар өз көйгөйлөрүн ортого салууга макул болушпайт.
“Бизде менталитет ушундай экен аялдар көбүн эсе кайрылгандан уялышат. Ур токмокко алышса да айтпай жүрө беришет. Бирок кээ бири бизге ыйлап келишет. Быйыл эки келин кайрылып биз жардам бердик”, -дейт Ош шаарынын Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин төрагасы Мажит Эрбабаев.

Ошто үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдарга, ким дер жардам көрсөтүшөт?
Ошто азыркы учурда “Ак Жүрөк” жана “Аялзат” кризистик борборлору активдүү иштеп жатышат. “Аялзат” кризистик борбору, турмушу начар аялдарга микрокредиттерди берүү менен, аларга чакан бизнес ачууга жардам көрсөтүшөт. Ал эми “Ак Жүрөк” кризистик борбору толук кандуу иштеп жаткан жалгыз борбор десе болот. Ушул гана борбордо шелтор бар. Өкмөттүн Ош областы боюнча өкүлчүлүгү шелторду ижара акы төлөөдөн бошоткон. Калган чыгымдары эл аралык донорлор тарабынан
каржыланат.
«Ак Жүрөк» кризистик борборунун психологу Гульнара Оңкошева көпчүлүк аялдар кимге кайрылаарын билбеген үчүн суицид көбөйүп жатат деген оюн айтты.
“Көпчүлүк аялдар биздин борбор тууралуу маалыматы жок. Ошон үчүн да суицид көбөйүп жатабы дейм да. Анткени биз көп угуп калабыз аялдардын өз жанын кыйган фактылар тууралуу”,- дейт.
Акыркы эки жылдан бери “Ак Жүрөк” кризистик борборуна Жалал-Абад областынан да кайрыла башташкан. Анткени Жалал-Абадда
активдүү иштеген бир да кризистик борбор жок. Оштогу “Мээрбан” кризистик борбору бар, бирок ал азыр акча жоктугунан жабылганы турат. Быйыл “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фонду Ош областынын 3 айыл өкмөттөрүнүн аймактарында, иштей баштады.
Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы. 2015-жылдын 16-декабрында Кыргыз өкмөтү 2015-2017-жылдарга карата “Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын” бекиткен. Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы, теңчиликке жетүүнүн Улуттук Стратегиясынын алкагында аткарылуусу каралган. Планды мамлекеттик мекемелер, Акыйкатчынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер ишке ашырышууга милдеттүү. Ал эми бул пландын толук ишке ашуусуна өлкөнүн социалдык өнүгүү министрлиги жооптуу орган болуп бекитилген.
Улуттук планга жараша Ош шаарынын мэриясы, областтык аялдар иштери боюнча комиссиясы жана Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүүгө тийиш. Бирок аталган мамлекеттик органдарда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча каттоо журналы жок, бул көйгөй менен кайрылгандар да жок деген жооп алдык.
Асель Касымова, Ош шардык социалдык өнүгүү башкармалыгыны балдар жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:
“Бизде журнал жок. Анткени бизге эч ким кайрылган жок. Зомбулукка кабылып кайрылган аялдар болгон жок быйыл да, былтыр да. Эгерде кайрылса биз иштөөгө даярбыз”.
Ош шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн гендердик маселелер боюнча жетектөөчү адиси Кубанычбек Тайчиев, да социалдык өнүгүү башкармалыгындай эле кыскача эч ким кайрылбайт деген жообун берди.
“Бизде каттоо журналы жок, мен өзүм деле аз эле болду бул ишке киргениме, ошон үчүн каттоо журналы деле жок.
- Сизге чейин каттоо журналы болгон бекен?
- Мага чейин гендердик маселе боюнча эч ким иштеген эмес” - дейт Тайчиев.
Бирок кризистик борборлордун өкүлдөрү мамлекеттик органдардын бизге эч ким кайрылбайт деген маалыматы чындыка коошпойт дешет.
Айтымдарында кризистик борборлорго жабыркаган аялдарды дал ошол мамлекеттик органдар жөнөтүшөөрүн маалымдашты “Бизге аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча областтык комиссиясы жиберет, жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мэриянын социалдык бөлүмү жабыркадым деп кайрылган аялдарды жөнөтүшөт.
-алар бизге эч ким кайрылбайт деп жатышпайбы?
-Кайрылбайт дегени чындыкка жатпайт. Анткени мен алардан кат “требуйтетем действительно” ошол аялдарды жөнөттүк деген кат, менде турат ал каттар”, - дейт “Ак Жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова.
“Ак Жүрөк” кризистик борборуна мамлекеттик органдардан быйылкы жылы эле жүздөн ашык кат келген, бирок эмнегедир бул мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулук деген социалдык көйгөйдү жашырып жаап койгусу келгендей ой жаралат. Анын себеби эмнеде?
Гульсана Абытова, “Аялдар Тынчтык Банкы” коомдук фондунун жетекчисинин баамында мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулук
көйгөйүн атайын эле көз жаздымында калтырууга аракет кылышат. “Хюман Райтс Вотч эл аралык уюму бир нече жолу Кыргызстанда
үй-бүлөлүк чыр чатактар боюнча изилдөө жүргүзгөн. Натыйжада алар мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулук бар экенин жашырышат деп сыпатташкан, анткени айтымдарында бул мамлекет үчүн начар көрсөткүч болуп эсептелет экен”.
Анын үстүнө бир эле мамлекеттик мекеменин кызматкерлери ар түрдүү маалымат беришкени да күмөн ойлорду жаратат. Ош шаардык
социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Асель Касымова биздин башкармалыкка эч ким кайрылган жок десе, аталган бөлүмдүн башчысы Гульзина Раева кайрылган аялдарды кризистик борборго жөнөтөбүз деп маалымат берүүдө.
“Биз кайрылган аялдарды кризистик борборго жөнөтөбүз. Бизде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга эч кандай каражат бөлүнбөйт”- дейт Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гульзина Раева.
Ошондой эле өкмөттүн сунушу менен жергиликтүү бюджеттен зомбулуктун алдын алуу иштерине каражат бөлүнүшү керек, бирок чындыгында каражат каралбай келет.
“ Бюджеттин 1% өзү үй-бүлөлүк чыр чатактарды алдын алууга бөлүнүшү керек, бирок көпчүлүк айылдар дотацияда болгондуктан каражат бөлүнбөйт. Ошон үчүн да иш жакшы натыйжа бербей келет. Алар эмне үчүн каражат бөлбөйт анткени бюджет тери тартыш”, - дейт Ош областтык аялдар иштери боюнча комиссиянын төрайымы Анара Капарова.
Тийиштүү мамлекеттик органдардын жоопторун угуп анализдеп, көргөндө, үй-бүлө маселелери, урушталаштын, суициддин алуу иштери жалгыз кризистик борборуна жүктөлүп, эл аралык гранттардын жардамы менен гана чечилип келээри маалым болду. Бирок мамлекеттик органдар иш алып барбаса бул көйгөйлөр азайбайт дешет эксперттер. “Сезим” кризистик борборунун PR менеджери, Гульмира Уметалиева:
“Мамлекет өзү каржылаш керек. Анткени гранттар бул убактылуу нерсе бүгүн бар, эртең жок. Мамлекеттик кризистик борборлорду ачуу зарыл...” 

“Ак Жүрөк” кризистик борборуна 3,5 жылда 2618 аял кайрылган. Борбордун статистикасын карап көрсөк, жылдан жылга кайрылган аялдардын саны өскөнү көрүнүп турат.
2013-жылы – 713
2014-жылы – 718
2015-жылы – 743
2016-жылдын 6 айында 449 аял кайрылып психологиялык, юридикалык жана медициналык жардам алышкан.
“Биздин негизги максат үй-бүлөлөрдү жараштыруу. Былтыр 57 үй-бүлөнү жараштырдык. Жараштыргандан кийин биз изилдеп да көрөбүз, изилдөөлөр көпчүлүк жубайлар жакшы жашап калганын көрсөткөн”,- дейт «Ак Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарыйка Асилбекова. Үй-бүлөлүк чыр чатактын чыгымы жана кризистик борборго кеткен чыгым канча? Кайсынысы мамлекет үчүн пайдалуу?
Кыргызстандагы кризистик борборлордун ассоциациясы, “Алга” айылдык аялдар коому жана эл аралык эксперттер 2012 жылы биргеликте, “Үй-бүлөлүк зомбулук канча турат?..” деген аталыштагы изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада, үй-бүлөдөгү зомбулуктун айынан өз жанын кыйган бир аялдын өлүмү, мамлекет үчүн 1,5 миллион сомду түзгөнүн эсептеп чыгышкан. Ошол эле мезгилде 10 аялга ылайыкташкан кризистик борборго бир жылга, 2 миллион сомдук каражат керек экени да аныкталган. Демек, экономикалык жагын эске алуу менен да, мамлекет алдын алуу иштерин приоритет кылса пайдалуу.

 

Гулжан АЛТЫМЫШБАЕВА

скачать dle 11.0фильмы бесплатно