Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

ОЮНДАН ОТ ЧЫГАТ БОЛДУ…

Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар
905
0

Өткөн аптада, интернетке тарап кеткен кичинекей балдардын аёсуз мушташы тууралуу видео тасма социалдык тармактарда катуу талкуу жараткан. Бул окуя укук коргоо органдарынын да көңүлүн буруп, оперативдүү иш аракеттер жүргүзүлүп, акыры мушташты уюштургандар ошол балдардын аталары экени аныкталды.  Учурда ал эки баланын аталары  2 айга, Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

 

ОЮНДАН ОТ ЧЫГАТ БОЛДУ…

 

Окуя Ош областынын Өзгөн районундагы Кыш-Коргон айылында орун алыптыр. Бөбөктөр аталары ылайдан кам кыш куюп жаткан жерде ойноп жүрүшкөн болот. Эки жаран түштөнүү кылып, тамактанып бүткөндөн кийин, бир аз эс алып отурууну чечишет.  Дем алып жатып балдарын мушташтырып күч сынаштырып көрөлү дешип, мелдеш уюштурушат. Эки бөбөк бирин бири оозу мурдун канжалата коюп мелдеш күч алып кетет, бирок аталары токтотуп калбастан, “уруш!” деп күүлөп турушат. Ал мелдешти көрүп турган балдардын бири чөнтөк телефонуна тартып алат. Алгач утуп алган баланын атасы телефонундагы тасманы тааныштарына мактанып көрсөтүп жүрөт. Айылдыктар биринен бирине “whatsApp”  аркылуу таратып жиберишет да видео акыры социалдык тармактарга чыгып кетет.      Айылдыктардын айтымында бул балдар биринчи жолу мушташып жатышпаптыр. Бөбөктөрдүн аталары мындай аёосуз мелдештерди уюштурууну адатка айлантып алышкан дешет. Тасмадагы зөөкүрлүк бул окуянын чети эле болчу дейт айылдын кичинекей тургуну. Бизге маалымат бергендин залакасы тийип калбаш үчүн кичинекей маектешибиздин атын атабай берүүнү туура көрдүк.

Умарбек 8 жашта: (аты өзгөрдү)

“Биз баарыбыз карап турганбыз, жаман катуу мушташышты. Балдардын бири мурду канап ыйлап калды. Чарчап мушташа албай калса атасы “уруш-уруш токтобо!”- деп кыйкырып жатты. Акыры утулуп болбой калганда жамбашына катуу бир тепти сөгүнүп, баласы учуп кетти. Бул жакта туруп биз да коркуп кеттик, досум болот ичим ачышты. Булар урушка абдан кызыгышат, көп жолу ушундай уруштурушкан балдарын”.

Өзгөн райондук прокуратурасы сотко видео тасманы интернеттен жок кылуу жана эл арасында таратылуусуна тыю салуу сунушун берди. Ошондой эле Ош областынын прокурору Айбек Турганбаевдин маалыматына ылайык кармалгандарды аталык укугунан ажыратуу да каралууда. Ал эми милиция учурда кармалгандарды дыкат изилдеп жатышат. Диний секталарга кирип кетишкенби жокпу, психикалык саламаттыгы кандай текшерилүүдө дейт Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

“Мындай агрессиялык видеолордун таркашы балдардын психологиясына терс таасирин тийгизет. Балдар ушинтсе боло берет турбайбы деп калышат. Алдуусу алсызын урса болот, чоңу кичинелерди урса болот деп тарбияланып калышы мүмкүн. Ал кылмыштуулукка түртүшү мүмкүн. Ансызда агрессияга үндөгөн компьютердик оюндар көбөйгөндөн бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда кылмыштар көбөйдү”.

Кармалгандар 1987-жылы жана 1973-жылы туулган, мурда соттолбогон жарандар. Алар экөө тең айылда ылайдан кыш куюп сатып үй-бүлөсүн багышчу. Бул жарандардын күнөөлөрү аныкталса мыйзамга ылайык 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн дешет укук коргоо органдары. Бирок соттун чечими кандай болот убакыт көрсөтөт. Азыр алар Ош шаарында 2 айга камака алынды.

Жанна Аскарова, Ош

скачать dle 11.0фильмы бесплатно