Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

Ош жаңылыктары / Интервью
1 706
0

Ош шаарындагы “Брак и семья” үй-бүлө жана төрөттү пландаштыруу, адам репродукция  борборунун негиздөөчүсү, атактуу  дарыгер, медицина илиминин мыктысы Сайракан Жумалиеванын мемориалдык тактасы аталган медициналык борбордун имаратына коюлду.

 

 

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

 

Жумалиева Сайракан Жумалиевна   1946-жылы  13-августта Чүй областындагы  Кемин районунда Кара-Булак айылында туулган. Өзү көп бир туугандын улуусу болуп, бала кезинен эле зирек, билимге умтулган кыз болгондуктан, ата-энеси аны Фрунзе шаарындагы  №1мектеп-интернатка  беришкен. Орто мектептеги окуу жайды 1964–жылы күмүш медаль менен аяктап,  Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик медициналык институтуна кирип, аны  1970-жылы ийгиликтүү аяктап,  Жалал-Абад шаарындагы төрөт үйүнө  иштөөгө жөнөтүлгөн. Өз ишин мыкты билген дилгир жаш дарыгерди  1975-жылдан баштап Ош облустук ден соолукту чындоо мекемесине жетекчинин орун басары болуп дайындалат.

 

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

 

Жетекчилик кызматта болсо да оор төрөттөрдү кабыл алууда, паталогиясы бар кош бойлуу келиндерди көзөмөлдөөдө өзү активдүү катышып, жоопкерчилик менен ишин мыкты аткарып келгенин кесиптештери эскерүү кечесинде сөз кылып отурушту.

 

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

 

“Сайракан ушул медициналык борборду өнүктүрүүгө, эне-баланын дени сак болушуна өмүрүн, бүтүндөй жашоосун  карьерага арнады. Андыктан мындай залкар инсандар эч качан унутулбашы керек. Кесиптештери демилге көтөрүп, мемориалдык тактасын  илип жатасыңар, демек Сайракан элдин жакшы эскерүүлөрүндө  түбөлүк жашай бермекчи. Ушул мединалык борборду ачып жаткан мезгилде мен Ош областтык оорукананын башкы дарыгери кызматында болчуму.  Ошондо мага биринчи келип акылдашып кеңешип анан ушул мекемени ачууну чечкенбиз. Сайракан өзү “ Мен “Брак и семьянын” “апасымын” Аман сен “атасысысың”,- деп күлүп калаар эле. Өз ишин мыкты билген дарыгер болчу. Жаткан жери жайлуу болсун!”-деп Сайракан Жумалиеваны  Жалал-Абад областтык биргелешкен ооруканасынын директору Аманалы Нуралиев эскерди.

 

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

 

“Брак и семья” борбору түзүлүп жаткан мезгил Совет доорунун урап, өлкөдөгү СССР куруп берген завод-фабрикалар, социалдык мекемелер таланып-тонолуп жаткан мезгилге туура келген. Ошол мезгилде аналогу жок, уникалдуу медициналык мекемени ачып, аны ийгиликтүү иштеп кетишине Сайракан Жумалиеванын эрктүүлүгү, эмегекчилдиги чоң роль ойногон дешет кесиптештери. Анткени ал мезгилде Кыргызстан жаңыдан там-туң баскан баладай экономикалык жактан абалы оор келечеги бүдөмүк өлкө болгон эле десек жаңылышпайбыз. Ошондой доордо жаңы нерсени ачмак түгүл эскини сактап калуу чанда кездешчү.

 

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

 

Сайракан Жумалиева дайыма билимин жогорулатып, ал кездеги Ленинград, Киев, Пенза жана башка жакынкы, алыскы шаарларда тажрыйбасын жогорулатуу  үчүн билим алып келген. Каир шаарында  өткөн 5-чи  Эл аралык конференцияда мыкты доклады менен чыгып,  чет элдик кесиптештеринин арасында биздин өлкөнү татыктуу тааныткан.

 

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

 

Эне-баланын саламаттыгы үчүн өмүрүн арнаган Сайракан Жумалиева 1989-жылы Ош облустук “Нике жана үй-бүлө” борборун ачкан, өмүрү өткүчө кызмат өтөп, 2015-жылдын 9-июнунда 69 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.

Сайрака Жумалиева өмүрүнүн акыркы жылдарында ажылык сапарын аткарып, намаз окуп, мусулманчылык парызын аткарууга да үлгүргөн.

Жанна АСКАРОВА,

Ош

скачать dle 11.0фильмы бесплатно