Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

АКИМДИН ЖЭЭНИ ОН БИР ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ ЖАСАГАНБЫ?

Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар
1 817
0

Ноокат районунун акиминин бир тууган жээни өспүрүмдү зордуктады деген макала коомчулуктун талкуусуна жем таштап, түрдүү пикирлер жаралып жаткан чагы.

 

АКИМДИН ЖЭЭНИ ОН БИР ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ ЖАСАГАНБЫ?

 

Окуя Ош областынын Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылында болгон. 11 жашар кызды маңдайкы үйдө жашаган коңшусу 28 жаштагы Араппай Калилов зордуктоого аракет жасаган деп айтылууда. Кыздын апасы арыз менен алгач милиция органдарына кайрылган, айтымында тартип сакчылары эки тарапты жарашууга чакырып, тийиштүү чара көргөн эмес. Андан соң жабырлануучу Ноокат райондук прокуратурасына кайрылып, бул факты боюнча КР КЖКнин 129-беренесинин 4-пункту менен  “жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого аракет жасаган” деген  айыбы угузулуп,  кылмыш иши козголгон.  Жабырлануучу шектүү Ноокат районунун акими Айтиевдин  бир тууган жээни  болгон үчүн акыйкат жазага тартылбай калат деп күмөн санап турат.

Ал арада  күнөөлөнүп жаткан жарандын үй-бүлөсү жабырлануучу аял карызын төлөөдөн качып, жалган жалаа жаап жатат деп айтып чыгышты.

Жабырлануучу 11 жашаар кыздын апасы Насиба Нурматованын версиясы боюнча окуя мындайча болгон:   

“Орозонун күнү болчу, 12- июнь. Талаада иштеп келип, ысыганымдан уктап калыптырмын. Кыздарым бири 10до бири 11 де. Эшиктин алдындагы арыкка суу көп келип, “огородду”  каптай баштаганынан сууну бууп келели деп каналга барышат. Экөө каналдын эки жагына туруп алып, суунун биз тарапка кеткен тешигин тосуп жатышканда, чоң кызымдын артынан коңшум Араппай бычак көтөрүп келип калыптыр. Кичине кызым “КАЧ!” деп кыйкырса суунун добушунан укпай калган экен. Ал арада Араппай оозуна бычакты тиштеп алып, кызымдын эки бутун басып алып “Сени зордуктайм азыр, катын кылам азыр дептир”. Кичине кызым алгач качып жөнөптүр да, кайра көңүлү тынчыбай  чуркап келип таш ыргытыптыр, ошол мезгилде Араппай сөгүнүп жиберип, оозунан бычагы түшүп, алаксып калыптыр. Алаксып калганда кызым суурулуп чыгып үйгө качып барыптыр,- дейт Нурматова.  

Прокуратура тарабынан Араппай Калиловго карата “Зордуктоого аракет жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп кызга тийиштүү экспертиза дайындалган.  Жыйынтыгына ылайык кыздын көзү жана эки далысы  көгөрүп, баш мээси чайкалган. Сексуалдык зомбулукка кабылган эмес деп билдирет Ноокат райондук прокуратурасы.

Насибанын айтымында алгач ал милиция органдарына кайрылган, бирок алар тийиштүү чара көргөн эмес, тескерисинче тараптарды жарашууга чакырган. Анткени шектелип жаткан  Араппай Калилов Ноокат районунун акиминин жээни болот. Нурматованын пикиринде,  аким кызмат абалынан пайдаланып тергөөгө таасир этүүдө. Бирок аким бул маалыматты четке какты.

Биз 7 бир тууганбыз, эң улуу эжемдин баласы болот  Араппай. Ушул окуянын айынан эжем экөөбүз бир туугандыктан да кечтик десем болот. Ал таарынып жатат сен аким болуп туруп баламды чыгарып албай жатасың деп. Бир туугандар эки тарап болуп бөлүнүп калдык мага да оңой болбой жатат. Бирок мен тергөөгө эч кандай таасир эткен жокмун. Менимче бул аял сотторго ишенбей жатат, ошон үчүн менин атымды аралашып жатат окшойт. Мен дагы сот акыйкат карап чечим чыгарат деп үмүттөнүп отурам”,- дейт Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев.

Ал эми күнөөлөнүп жаткан Араппай Калиловдун туугандары окуя таптакыр башкача болгонун айтып жатышат. Алардын пикиринде Араппайга  курулай доомат коюлгандыктан 5 баланын атасы, күнөөсүз камалып кеткени жатат. 

“Инимдин кызы ушул жерде ойноп жаткан бул аялдын кыздары келип ойношот уруша кетет анан тигил кыздар инимдин кызын таш менен бир урат. Ал ыйлаганда иним чыгып сөгүп коюптур ал кыздарды “действительно” жаман сөздөр менен сөккөн, болду анан кирип кеткен бир аздан кийин эле апасы кайрылып  келген”,- дейт шектүү А. Калиловдун агасы Каныбек  Калилов

Шектүүнүн жубайы Нигара Асанованын баамында Насиба карызынын төлөгүсү келбеген үчүн ушундай дооматтарды коюуда.  

“Менин жолдошум күнөөсү жок, мындай ыплас иштерге эч убакта барбайт. Беш убак намаз окуйт. Бул аялдын короо жайын салып берип, курулуш иштерин бүтүргөн  ал аял карыз болчу, көп суммада. Акчасын бергиси келбей ушундай амалдарды кылып жатат. Канча жалдырап бардык, бүтүндөй айылдын аксакалдары барды алдына эч кимди укпай койду”.

Ал эми Насиба Нурматова Араппайга акча карыз болгонун калп деп чыкты. Ал эле эмес айтымында Араппай Насибанын өзүн да ымала чакырган жайы бер дейт.

“Биз буга чейин да эки жолу урушуп кеткенбиз. Биринчисинде түндөсү Араппай менин эшегимди уурдап баратканын көрүп калгам. Түндө жалгыз болгон үчүн унчукпай эртеси күндүз  кайтарып бер десем, 200 сом берет ушуга эле кетти эшегиңиз деп. Ошондо бир уруштук. Анан кийинчерээк менин үйүмдө стройка кылып жүрүп, 500 сомдой аласасы калган, кийин ошол акчанын ордуна, жеңе кыздарыңыз жокто барайын кененирээк үйдө экөөбүз жалгыз сүйлөшөлү деп айтканда дагы урушуп кеткенбиз. Анан жайында  атканамды өрттөп кетти, анда да милицияга берсем ишти жаап коюшту. Бул жолу да жапканы турушат”,- дейт жабырлануучунун апасы.

Ал арада бул эки үй-бүлөнүн чырын бейтарап адам катары коңшусу айтып берди.

“Мен ошол күнү балдар менен сарай салып, кыш куюп жатканбыз.  Насибанын кыздары келди да, Араппайдын кызын уруп койгонун көрдүк.  Араппай чыгып кыйкырып урушту да кирип кетти болду, кыздары үйүнө эмес, каналды көздөй жүгүрүп кетишкен. Кайта үйүнө өткөнүн көрбөдүм ырас. Бирок каналдын жанында чыр болсо биз көрмөкпүз да канал ачык эле жерде турат. Күндүзгү саат бир жарымда адамдар деле көп жүрөт бул тарапта”,- дейт коңшусу Нуркамил Пасаңов.

Атын атагысы келбеген дагы бир коңшусу бул үй-бүлө тууралуу мындай кептерге токтолду.

“Мен эки тарапка тең эч ким эмесмин, бирок айылда Насиба Нурматова менен коңшулары да мамиле кылгысы келбейт, анткени чырлуу аял. Кайненеси да мал уурдап жоопко тартылган. Эки жыл мурда кайненеси да айылдагы, эл сыйлаган бир кишиге мени зордуктады деп доомат артып, 150 миң сом өндүрүп  алган жайы бар. Менимче бул аял акча өндүрүш үчүн гана ушундай окуяны ойлоп тапкан. Эми тууган урук чогулуп акча болсо акча деле берели арызыңды ал кайра десек, мен бир адам менен убадалашып алгам  ошол адамым жарашканга ынабай жатат деп айтууда. Ал адамың ким десек айтпай жатат”.

Шектелип жаткан Араппай Калиловдун агасы Каныбек Калиловдун оюнда бул окуяны таякеси аким Б. Айтиевдин өчөшкөн адамдары жасап жатышы мүмкүн.  

“Аким тагабызга өчөшкөн бирөөлөр бар болушу мүмкүн, ошол адамдар Насиба аркылуу өч алып жатышат деп ойлоп жатабыз. Эгер өчөшкөн иштери болсо өздөрүнчө чечишпейби?! Бейкүнөө адамды аралаштырбай. 5 баланын атасы камалып кетсе эмне болот эми?!”.

Прокуратуранын берген маалыматына ылайык, шектүүгө коюлуп жаткан айыптын жазасы оор, 20 жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин болушу мүмкүн. 

Канткен күндө да бул ишке сот гана чекит коёт. Сот отуруму жакынкы күндөргө белгиленген, соттун чечими чыккандан кийин окуянын чоо жайын кийинки сандарда кабарлайбыз.

Жанна АСКАРОВА,

Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно