Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

Назгуль КАДЫРНАЗАРОВА, журналист: “ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТҮЙШҮГҮ КҮЧ”

Ош жаңылыктары / Интервью
2 228
0

Жалпыга маалым болгондой 8-декабрь телевидение күнү. Майрамга карата телевидение тармагында 10 жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан  ЭлТР мамлекеттик каналынын продюссери, көптөгөн граммота жана сыйлыктардын, бир нече төш белгилердин ээси  Назгуль Кадырназарова менен маек курдук.

Маектеш тууралуу кыскача:

Назгүл Кадырназарова,  Жалал-Абад областындагы Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн. Мектепти Баткен областындагы Кадамжай районунун Айдаркен шаарында аяктап,  Кызыл-Кыя Гуманитардык Педагогикалык Институтунун филология факультетин аяктаган. Акыркы 10 жылдан бери ЭлТР мамлекеттик телеканалында эмгектенип келет.   Жолдошу ӨКМде иштейт, бир уулдун апасы.

 

Назгуль КАДЫРНАЗАРОВА, журналист: “ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТҮЙШҮГҮ КҮЧ”

 

-Назгуль айым, телевидение тармагына качан келгенсиз, кайсы телеканалдарда иштедиңиз?

 

-Телевидения тармагына келишиме мектепте окуткан эжекем себеп болуп калды. Учурда Ош шаарындагы «Келечек» балдар чыгармачылык борборунда эмгектенип жаткан Айнакан эжекемди ээрчип,  2006-жылы  «ЭлТРдин» башкы директоруна «Үркүндүн 90 жылдыгынын» иштери боюнча киргенбиз. Сөздөн улам эжекем мени дикторлукка сунуштап, мактап кирди. Мындай сунуш болоору үч уктасам түшүмө кирбеген. Албетте, башкы директор учурда кастинг болуп жатканын айтып, өзүмдү сынап көрүшүмдү сунуштады.  Теледе иштеш мен  үчүн ал кезде кол жеткис чоң үмүт болчу.  Бактыма жараша сынактан өтүп иштеп калдым.

 

-Кандай автордук теле-долбоорлорду жарата алдыңыз?

 

-«Курсташтар» көрсөтүүсү студенттердин жашоосунан алынган кызыктуу жатаканадагы окуяларды, окуу жайдагы жаңылыктарды, белгилүү чоң инсандардын студент кезиндеги күлкүлүү окуялары жана башка камтыган көрсөтүү менин автордук теледолбоорум ийгилигимдин башаты болду.. Чындыгында ошол мезгилде жаштар, айылдардагы чоң –ата, чоң- энелерге чейин көрүп, телефон чалуулар үзүлбөдү. Тартымга факультеттер кезекке туруп жазыла башташты эле. Демек, ошол кезде эл маанайшат тамаша тартуулаган көрсөтүүлөргө муктаж болушкан. Бул автордук көрсөтүүм бир эле биздин телеканалдан эмес, жергиликтүү каналдардан да кетип жүргөнүн көрүп кубангам. Көркөм кенештин чечими менен «Мыкты көрсөтүү» деп таанылган.

 

Назгуль КАДЫРНАЗАРОВА, журналист: “ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТҮЙШҮГҮ КҮЧ”

 

-Телевидениянын коомго зарылдыгы эмнеде?

 

-Телевидениянын коомдо орду эбегейсиз зор деп билем. Анткени, телевидения-коомдун күзгүсү. Теле аркылуу калкты маалымат менен камсыздоодо эффективтүү натыйжалуулугун берип келет. Бул тармакта жалаң өз кесибин сүйгөн фанаттар иштейт дегенден жаңылбайм. Анткени абдан түйшүктүү ары татаал, ары жооптуу жумуш. 5 эле мүнөттүк сюжеттик артында тоодой эмгек жатат. Журналисттен сырткары кадр сыртында канчалаган кызматкерлер эмгектенишет. Ар бир программаны жасоодо идея, маалымат,  ыкчамдык, кыскасы уйкусуз түндөр көп болот.

 

-Бүгүнкү күндө аудитория кандай долбоорлорду жакшы көрөт?

 

-Азыркы учурда эл саясаттан тажады, чарчады. Андыктан маанайшат, тамашалуу, билимге арналган интеллектуалдык оюн-зоок программаларды  көбүрөөк  көргүсү келет деп ойлойм.

 

-Коммерциялык бөлүмдө иштеген экенсиз, телеканал чоң финансылык колдоону талап кылган тармак, жарнама тартуу кыйын ишпи?

 

-Айтууга оңой болгону менен, иштөөгө келгенде абдан татаал жумуш. Жарнама таап, кардардын купулуна толо тургандай материал жасап берүүдө чындыгында кыйын.  Чындыгында менеджер  жарнама табууда фирмаларга барып, алардын көзүнүн кареги менен тең айланып, жалдырап эптеп акча өндүрүп келишет. Бул чоң эмгек.

 

Назгуль КАДЫРНАЗАРОВА, журналист: “ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТҮЙШҮГҮ КҮЧ”

 

-Телевидениеде иштегенге кызыккан жаштар көп, телевидениеде иштеш үчүн адам кандай болушу керек? Сөзсүз сулуу, мукам үндүү, тилинен чаң чыккан болсо эле жетишээрликпи? Же биринчи кезекте интеллект күчтүү болуусу шартпы? 

 

-Эфирдин жүзү болгондон кийин албетте келбеттүү, мукам үндүү гана болбостон, жүрөгүнөн ушул кесипти сүйүп, ойлорун айтууда коркпой ачыкка чыгарып, мотивациясы күчтүү болуусу кере. Акылдуу көп окуган, көптү билбеген журналист таамай суроо да бере албайт. Анализ жасай албайт. Андыктан ушул кесипти тандаган жаштарды терең билим алууга үндөйт элем».

 

-Телевидениеден тышкары эмнеге кызыгасыз? Хобби дейби же кошумча каражат табуу менен алектенесизби?

 

-Өзүмдүн жумушумдан сырткары албетте коомдук иш-чараларды уюштурууда катышып келем. Мэрия тарабынан уюштурулган, мамлекеттик маданий иш чараларга  алып баруучу, уюштуруучу катары тынымсыз эле катышып келүүдөмүн.

 

-Келечекте кандай пландарыңыз бар?

 

-Пландар көп. Ачык айтпай эле турайын. Жеке жашоодо, жумушка байланыштуу дегендей. Кудай буйруп, насип кылса көптөгөн тилектер орундалат деген үмүтүм бар. Адам болгондон кийин баарыбыз үмүт менен жашап келебиз да.  Ал эми азыркы учурда Президент алдындагы мамлекетти  башкаруу академиясында окуп жатам.  Буюрса, ийгиликтүү аяктап, элимдин керегине жараган инсан болсом дейм.

 

Назгуль КАДЫРНАЗАРОВА, журналист: “ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТҮЙШҮГҮ КҮЧ”

 

-Жаңы жыл келе жатат ЭлТРде жаңы долбоорлор чыгабы?

 

-Жаңы жылда пландалган жаңы долбоорлор көп, алар окурмандар, көрөрмандар үчүн сыр болсун. Андыктан көрөмандарды ЭлТРден алыстабаңыздар демекчимин.

 

Назгуль КАДЫРНАЗАРОВА, журналист: “ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТҮЙШҮГҮ КҮЧ”

 

-Жаңы жылга эл журтка каалоо тилектериңиз кандай?

 

-Жаңы жыл жалпы элибизге молчулукту, токчулукту, тынчтыкты, ынтымакты алып келсин. Кыргыз элимдин аты алыска дүркүрөп чыккан, жеңиштерде желегибиз желбиреген өлкөлөрдөн бололу.  Ар бир үй-бүлөөдө кубанычтын күлкүсү гана жаңырып, көбөйүшө берели!

 

-Маегиңиз үчүн рахмат,  өзүңүз айтмакчы түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм.

 

Маектешкен: Жанна АСКАРОВА,

Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно