Кечээ, 25-июлда Ош шаарынын №13 Курманжан Датка аймактык кеңешинин Исанова көчөсүндө "Яккалик” каналына 1970-жылы туулган аял киши түшүп жатып, агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Окуя саат 14:40тар чамасында катталып, эки сааттан кийин анын жансыз денеси табылган.
"Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 16:45те аялдын сөөгү табылды. Куткаруучулар аны шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен",-дейт ӨКМ.
https://5news.kg/ky/articles/osh-shaarynda-suuga-t-sh-p-atyp-bir-ayal-ch-g-p-ketti