Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
Бардык кабарлар

ЭСКЕ АЛЫНБАГАН ЭЛЕТТИК ТАЛАНТ

Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар
1 506
0

ЭСКЕ АЛЫНБАГАН ЭЛЕТТИК ТАЛАНТСүрөт жана айкелдерде адамдын кулк мүнөзүн дал өзүндөй бере алган 74 жаштагы Ноокаттык сүрөтчү Абдрахман Эргешов улгайып калганына карабастан ушул күнгө чейин мектепте эмгектенип келет.

 

“Фрунзе шаарында “Дом художниковдо” окуп билим алганмын”,-деп маегин баштады Абдрахман аксакал.  Өткөн кылымдын  60-жылдары тубаса талантын өөрчүтүп, терең билим алууга умтула борбор калаа Фрунзеге  барган элеттик жаш жигиттин кыялы орундалбай калат. Окууну  эңсеген жаш талант, көркөм академияда орун калбай калып  билимди сүрөтчүлөр үйүндө алат.  Окуусун аяктагандан соң, коңшу Өзбекстан, Таджикистан өлкөлөрүнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнөн таалим алып келет. Келээри менен убагында ири колхоздордун бири болгон Ош менен Баткен дубанынын чек арасында жайгашкан, өзү  төрөлүп өскөн Уркуя Салиева колхозунда сүрөтчү болуп эмгектенет.

 

ЭСКЕ АЛЫНБАГАН ЭЛЕТТИК ТАЛАНТ”Колхоздо сүрөтчү болуп 40 жыл эмгектендим. Ал жерде сүрөтчү деген атайын штат бар эле. Айылдагы ар бир маданий иш чара болбосун, мекеме- ишкананын имараттары болбосун, жолдордун чекесиндеги сүрөттөр баардыгын мен тартып, илип чыгаар элем. Андан тышкары айылдыктардын портреттерин тартып берээр элем. Кийинчерээк колхоз да жоюлуп кетти, мен да  улгайып калдым, бирок айыл өкмөттөгүлөр кетиргиси келбей  мектепке сүрөт сабагынан берген мугалим кылып дайындап коюшту. Иши жок отура албайм, карысам да кыбырап иштеп жүрөм. Анын үстүнө, кемпирим өтүп кеткенден кийин өзүмдү алаксытыш максатында да иштеп жүрөм”.   

 

Ноокат районундагы Уркуя Салиева айылынын тургуну Абдрахман Эргешов 50 жылдан ашуун сүрөтчүлүк өнөр менен алектенип келет. Сүрөтчүнүн өнөрканасынан пейзаж, портрет, «Түбөлүктүү эне», “Менин Төөлөсүм”, “Ал гүл” темасындагы сүрөттөрдү кездештирүүгө болот. Анын  сүрөтчүлүккө болгон кызыгуусу бала кезинен тартып пайда болгон. Өзү кыялданып тарткан сүрөттөрүнүн арасында белгилүү авторлордун да жумуштарын кайталап, дал өзүндөй кылып тарткан жумуштары бар. Андан тышкары Абдрахман Эргешов скульптура жаратууга да жөндөмү күч. Айкелдеринин арасында Сталин, Мусаев, айрыкча  совет доорунун негизги саясий фигурасы  болгон Лениндин айкелдери көп. Аларды көрүп, таңыркап себебин сурап көрдүк.

 

-Эмнеге жалаң эле Ленин менен Сталиндин айкелдерин жасагансыз?

 “Ооба менде Лениндин айкелдери көп, анткени мен СССРде жашагам, советтик адаммын. Ал убакта Ленин биздин кумирибиз болгон да. Анан мектептен колхоздон Лениндин эстеликтерин алып салышканда,  мен аларды ыргытканга ыраа көрбөй үйүмө алып келип алгам. Анткени мектептеги жаш мугалимдер  бул инсандардын баасын, баркын сезишпейт го дейм. Ошон үчүн  буларды ыргытып салышы мүмкүн деп, алып келип алгам үйгө. Бул айкелдерди мен өзүм жасаган үчүн, булар балдарымдай болуп калган. Орустар айтат эмеспи “картина дети художника”,- деп, ошонун сыңары да”,- дейт сүрөтчү аксакал.

 

ЭСКЕ АЛЫНБАГАН ЭЛЕТТИК ТАЛАНТӨзүнүн жаш курагына, жашап өткөн дооруна ылайык сүрөтчүнүн  тематикасында да өткөн кылымдагы СССРге байланыштуу жумуштарды көп көрүүгө болот. Ушул тапта Абдрахман аксакалдын айкелдерин өзүнүн айылындагы жана Ош областынын башка айылдарындагы социалдык объектилерден кездештирүүгө болот. Автор  жумуштарынын негизгиси катары кыргыздын чыгаан инсандарынын бири, убагында колхоз башчы болуп иштеп, элин жерин коргойм деп басмачылардын колунан каза тапткан Уркуя Салиеванын айкелин эсептейт. Уркуя Салиеванын айкели ушул күндө да  айылындагы мектептин алдында турат.

 

“Азырга чейин ушул айкелди орноткон күн эсимден кетпейт. Уркуя Салиева биз үчүн чоң сыймык, биздин тарыхта калган инсандарыбыздын бири. Мен өзүмө өзүм сыймыктанам ушундай залкарга айкел жасаганыма. Бул айкелди Урку Салиева атындагы мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрү каржылап тургузган болчубуз. Кийин  мен көп жолу бул айкелдин кичинерээгин жасадым”,- дейт А. Эргешов.

 

Автор мындан тышкары Уркуя Салиеванын  бюстун ал чоподон да жазаган, портретин да тарткан. Ал эми 1966-жылы Уркуя Салиеванын музейи ачылган кезде анын сөөгүн  айылдык бейиттен, музейдин аймагына көчүрүлгөн. Залкар инсан Уркуя Салиеванын  күмбөзүнүн  бетиндеги жезден чегилген сүрөтүн да Эргешов  жасаган.

 

“Уркуя Салиева алгач кадимки адамдардын арасында эле, айылдын көрүстөнүндө коюлган болчу. Кийин ушул музей-комплекси уюштурулуп,  сөөгүн  көчүрүп көмгөнбүз, ошондо ушул күмбөздү жасагам. Эми өзүм өлсөм да, жумуштарым өлбөйт, булар менин элим үчүн артымда калтырган эстеликтерим деп ойлойм. Албетте ар бир адамдай эле менин да кыялдарым бар, мен дүйнө салганда мени элим, журтум жакшы сөздөр менен эскеришсе экен дейм. Ким билсин балким качандыр бир убакта менин окуучуларым менин портреттеримди тартып калышаар, эгер татыктуу деп табышса”. 

 

  Бирок өз өмүрүнүн жарымынан көбүн сүрөтчүлүккө арнаган инсандын эмгектери ушул күнгө чейин мамлекет тарабынан бааланбаганы өкүндүрөт. Өзү айткандай 50 жылдык талыкпаган эмгектери үчүн жергиликтүү бийлик Абдрахман Эргешовду  мамлекеттик сыйлыктарга бир да жолу көрсөткөн эмес.

 

 “Мамлекет мага  актай кагазга ардак грамота жазып берүүнү да ыраа көргөн эмес. Мен кыштакта эле жүрө берсем ким мени көрсөтмөк эле, ардак грамота да алган эмесмин жада калса. Албетте кээде капа болосуң, айла канча эл билсе болду”,-дейт күлүп шайыр мүнөз, бала кыял сүрөтчү.

  Бирок ошентсе да Абдрахман Эргешов өзүнүн туулуп өскөн айылынын “патриотумун”,- дейт. Анткени залкар инсан көптөгөн сунуштарга карабастан  чет өлкөлөргө кетпей айылында эмгек кылган. Сүрөтчү 74 кө чыгып калса да  бош отурбайт. Өз билгендерин  ынтызар болгон окуучу балдар, кыздарга  үйрөтүп келет. Учурда жакынкы мезгилдерде бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен,  жубайынын айкелин жасоонун пландап жүрөт.  Абдрахман Эргешовдун  жолун  улуу баласы жана небереси жолдоп, учурда алар Россияда сүрөтчү болуп эмгектенишет.

Жанна АСКАРОВА, Ош.   

скачать dle 11.0фильмы бесплатно