DataLife Engine > Ош жаңылыктары > Ошто облустук казыяттын 14 млн сомго курулган жаңы имараты ачылды

Ошто облустук казыяттын 14 млн сомго курулган жаңы имараты ачылды

4-октябрда облустук казыяттын имаратынын ачылышы болуп өттү. Ачылышка муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана жогорку кеңештин депутаттары, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышты. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин айтымында, казыяттын имаратына 14 млн сом сарпталган.

«Негизинен бул имараттын курулуш ишин 2015-жылы президентибиз өзү капсула салып баштап берген. Бул үч кабаттуу имаратка жалпысынан 14 млн сом каражат кетти. 2 миң адамга ылайыкташкан жанындагы борбордук мечитти араб инвесторлору бүтүрүп беришти. Үч кабаттуу имараттын үчүнчү кабатында айымдар билим ала турган окуу борбору бар жана дин кызматкерлер билимин өнүктүрүүгө толук шарттар түзүлгөн», - деди Самидин кары Атабаев.

Ош облусу боюнча жалпы 856 мечит бар.
http://www.turmush.kg/news:377239/?from=kg_turmush&place=newstoplastскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад