ОшМУда «Билим» лицейинин 7 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди
Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Майрамдык кечеге ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын мугалимдеринин билимин өркүндөтүү борборунун директору Т.Жороев, профсоюз уюмунун төрагасы А.Аккулов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, билим берүү институтунун өкүлдөрү, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Салтанатта «Билим» лицейинин жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн спорттук мелдештердин, маданий кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө, лицейдин түптөлүшүнө салым кошкон мугалимдерге, колдоо көрсөтүп келген ата-энелерге диплом, ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Жумалыктын алкагында кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге «Жетиген» мектеп-лицейинин мугалимдери жана окуучулары да катышкан.

Конокторго таланттуу окуучулар тарабынан чакан концерттик программа тартууланды. Ошондой эле ОшМУнун ректору К.Кожобеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Билим» лицейинин ачылганына аз убакыт болсо да окуучуларыбыз ЖРТдан, предметтик олимпиадалардан алдыңкы орундарды камсыздап жатышат. Учурда университеттин өлкөнүн түштүк аймагында 7 мектеп-гимназиясы ачылган. Буюрса мектептерибиз республика боюнча ачылат деп ишенем. Жакынкы күндөрү лицейдин жаңы имаратын курууга киришебиз», - деди К.Кожобеков.

«Билим» лицейи 2012-2013-окуу жылында ачылган. Алгач лицейди педагогика илиминин кандидаты Кыялбек Акматов жетектеген. Учурда лицейде 8-9-10-11-класста окуган жалпы 200гө чукул улан-кыздар билим алат.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча «Билим» лицейинин бүтүрүүчүлөрү: Акназар Амиракулов 219 балл алып, «Алтын сертификат» менен сыйланган. Эрлан Жээнбеков 217 балл алып, аймактагы эң алдыңкы упай алганы үчүн президенттин сыйлыгына ээ болгон.

Учурда ОшМУнун жалпы 7 лицей, гимназиясы бар.
http://osh.turmush.kg/news:382254/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Вернуться назад