DataLife Engine > Ош жаңылыктары > Ошто окуучуларга аттестаттар берилип жатканына байланышту шаардагы кире бериштерге посттор коюлду

Ошто окуучуларга аттестаттар берилип жатканына байланышту шаардагы кире бериштерге посттор коюлду

Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү күчөтүүдө. Милиция кызматкерлери коронавирусту алдын алуу, сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун сактоо, көчөдө жүргөн тилемчилердин арасындагы кырсыктарды алдын алууга багытталган комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат.

Кызматкерлер тыюу салынган жайларда сууга түшүүгө мүмкүнчүлүк беришпейт. Көчө бойлоп жол кыймылынын коопсуздугун сактабай, кырсык болушу мүмкүн болгон абал жаратып жаткан тилемчилерге каршы аракеттерди көрүшөт. Башкысы, учурда коомдогу коркунучтуу илдетке айланган коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин улантышат. Соода түйүндөрүндө, коомдук жайларда болушуп, жеке коопсуздук эрежелерин сактоону талап кылышууда.
http://www.turmush.kg/news:403906?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад