DataLife Engine > Ош жаңылыктары / Жалал-Абад жаңылыктары / Экономика > Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 18 пайызга өстү

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 18 пайызга өстү

Быйылкы жылы тогуз ай ичинде микрокредит алгандардын саны 18,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

"Январь-сентябрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 545 миң адамга 23,4 миллиард сом насыя берилген. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу алганда 18,5 пайызга, каражаттын көлөмү 6,4 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат кабарда.

Жапаров: кредити барларга бюджеттен эмес, башка булактан жардам берилет

Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 22,3 пайызы) жана Жалал-Абад (15,7 пайызы) облустарынын, Бишкек шаарынын (14,8 пайызы), ошондой эле Чүй облусунун (13,1 пайызы) тургундарына берилген.

Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 33,5 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (27 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (10,4 пайыз) чыкты.



Дагы: https://sputnik.kg/economy/20201119/1050479496/kyrgyzstan-mikrokredit-statsitika.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад