DataLife Engine > Ош жаңылыктары > Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады

Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады

Ош шаарында мэрге жаңы орун басарлар дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.

Калаа жетекчисинин биринчи орун басары болуп Марс Исаев бекитилди. Исаев буга чейин Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал эми биринчи вице-мэрлик кызматты Замир Юсупов аркалап келген.

Андан тышкары, Сонунбек Жунусбаев үч айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектемей болду. Бул милдетти ага чейин Асылбек Топчубаев аткарган.

Дайындоолор боюнча буйрукка бүгүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.

https://sputnik.kg/politics/20210906/1053814219/osh-mehri-almaz-mambetov-zhany-orun-basarlar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад