DataLife Engine > Ош жаңылыктары / Коом жана проблемалар > Өзгөндө 10 бодо малды уурдоого шектелип, 4 жигит кармалды

Өзгөндө 10 бодо малды уурдоого шектелип, 4 жигит кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда мал уурдоого шектелип, 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 31-декабрында Өзгөн РИИБге Кош-Коргон айылынын тургуну Э.А. кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 6-декабрына караган түнү жайыттан белгисиз адамдар 10 бодо малын уурдап кетишкенин билдирген. Аны менен катар 900 миң сом материалдык зыян келтирилгени такталган.

Бул факт Өзгөн РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 1-февралында ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жайыттан 10 бодо мал уурдоого шектелип, 4 жаран кармалды. Алар Өзгөн районунун тургундары — 30 жаштагы Х.Ш., 22 жаштагы С. уулу З., 30 жаштагы М.М. жана 28 жаштагы М.С. Учурда кылмышка шектүүлөр Өзгөн РИИБдин убактылу кармоочу жайына киргизилди.

10 баш малдын ордун толтуруу жана шектүүлөрдүн башка кылмышка катышын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.

https://osh.turmush.kg/news:458465

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад