Өзгөндө издөөдө жүргөн жаран кармалды
Маалыматка караганда, 27-ноябрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү
тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында
алдамчылык фактысы менен Өзгөн районунун 44 жаштагы Ш.Д., аттуу тургуну
Кара-Суу районунун аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалды. Аталган
факты Өзгөн РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин
(алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголгон.
2020-жылдын ноябрь айында Өзгөн шаарынын 27 жаштагы тургуну арыз менен
кайрылган. Анда 2020-жылдын ноябрь айында өзүн Кызыл-Кыя шаарынын Алик
деп тааныштырган тургуну ага кардар катары келип, жабырлануучуга таандык
болгон «Ниссан Микра» үлүсүндөгү автоунаасын 150 миң сомго баалап, акчасын 1-
2 саатын ичинде алып келип берем деп, башка бирөөгө сатып жибергенин
билдирген. Учурда шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок
экендиги текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.
Источник: https://osh.turmush.kg/news:485115
Вернуться назад