DataLife Engine > Ош жаңылыктары / Коопсуздук > 6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду

6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду

6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду

Кара-Суу районунда 6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 27-январда саат 22:00 чамасында аталган райондун Шарк айыл аймагында болгон.

"1989-жылы туулган айдоочу Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен 6 жашар кызды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган кыз ошол жерден жан берген", - деп айтылат Ош ОИИБинин маалыматында.

Учурда аталган кырсык боюнча тийиштүү экспертиза жүргүзүү тапшырылып, иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад