Анын айтымында, авиакаттамдардын графиктери эки аптага убактылуу өзгөрдү.
«Бизге компаниянын өкүлдөрү эки апта жекшемби күндөрү гана каттам болорун айтышты. Кечээ күндөн тарта авиакаттамдар токтоду, эми жекшемби күнү учат. Учакка билет алгандар Оштон учушту, айрымдарынын акчасы кайтарылып берилди. Эки аптадан кийин кайрадан өз нугуна түшөт.
Биз бул «Тez Jet» компаниясы менен авиакаттамды жумасына 5 жолу учуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз. Жүргүнчүлөр толуп, каттам үзгүлтүккө учурабай эле учуп жаткан», - деп билдирди ал.
Маалым болгондой, жыл башынан бери Жалал-Абад—Бишкек багыты боюнча 11 миңден ашуун жүргүнчү учкан. Быйылкы жылдын апрель айынын соңунан тарта Жалал-Абад аэропортунда учак жумасына төрт жолудан учуп жатат.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:351163/?from=kg_turmush&place=newstoplast
http://jalal-abad.turmush.kg/news:351163/?from=kg_turmush&place=newstoplast