Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:38
Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
21:37
Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат
21:35
Жапаров соцмекемелердеги балдардын тамагына бөлүнгөн акчага нааразы болду
21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
Бардык кабарлар

Жалал-Абадда дагы бир жол тескөөчүнү унаа сүзүп кетти. Ага экинчи операция жасалат

Жалал-Абад жаңылыктары
870
0
Сузак районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин унаа сүзүп, айдоочу качып кетти. Ал окуя болгон күнү эле табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин аймактык кабарчы булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Кармалган айдоочуга карата кылмыш иш козголуп, ал эми тескөөчү — 1987-жылы туулган А.Э. Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал андан кийин Жалал-Абад облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө которулган.

Аталган ооруканадан кызматкердин абалы орто туруктуу экенин билдиришти. Буга чейин ага операция жасалган, эми ал экинчи операцияга даярдалууда.

«Кызматкер бөлмөгө которулган, дары-дармектер берилип, көзөмөлдөнүп жатат. Анын баш мээси чайкалып, жаак сөөгү сынган. Абалы орто», - деп билдиришти ооруканадан.

Кийинчерээк Жалал ОИИБдин басма сөз кызматы кырсык 2-сентябрга караган түнү саат 23:00 чамасында болгонун билдирди. Сузак РИИБдин ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержанты, 1987-жылы туулган А.Э. Сузак айылынын Мадумар-Ата көчөсү аркылуу өткөн Жалал-Абад — Сузак унаа жолунун 4-чакырымында кызматтык милдеттерин аткарып жатканда «Дэу Нубира» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Ал эми Э.А. Сузак райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин тергөө ыкчам тобу жана жетекчилиги барып, материалдар топтолуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.

«Аталган жол кырсыгы боюнча "Тосмо" иш планы киргизилип, тиешелүү жактарга багыттамалар берилип, ОИИБдин жана Сузак РИИБдин өздүк курамы тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сузак районунун Сузак айылынын тургуну, аталган унаанын ээси — 1996-жылы туулган А.А. кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берененин (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 5-бөлүгүнүн (Транспорт каражатын башкаруучу адамдын жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүүсүнүн натыйжасында жол кыймылынын катышуучуларынын саламаттыгына оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Айдоочу кырсык учурунда мас болбогону аныкталды. Ал өз көрсөтмөсүндө каттуу ылдамдыкта келе жатып, тескөөчүнү кокустан сүзүп алып, коркуп, из жашырганын билдирген.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында жол инспекторун сүзүп кеткен мас абалдагы айдоочу кармалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 9-августта саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде Жалал-Абад ШИИБдин ЖКККнын инспектору, милициянын старшинасы А.А. кызмат өтөп жаткан. Ал жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда аны сүзүп, өзү качып кеткен.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:351651/?from=kg_turmush&place=newstoplastскачать dle 11.0фильмы бесплатно