Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагында эмгектенген социалдык кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырып, чакан концерттик программа тартууланды.

«Быйыл былтыркыга салыштырмалуу соцалдык кызматкерлердин арасында спорттук иш-чара уюштурулуп, ага жергиликтүү бюджеттен 25 миң сомдой бөлүндү», - дейт вице-мэр Р. Алтымышов.
Ал эми шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Зейнеп Асанованын айтымында, алардын иши өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат.

«Биздин жумуш коомдогу жетишпеген, жарды үй-бүлөлөр менен иштешүү болуп саналат. Айрым учурда жашоого болгон үмүтү өчкөн адамдар менен иштешип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Чындыгында өтө жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү жумуштардын бири. Ага карабай, кызматкерлердин айлык акысы аз, ушул тараптан көңүл бурууну өтүнөт элем», - деди ал.
Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо тармагында 66, ал эми шаардык социалдык фонддо 25 кызматкер эмгектенип келет. Азыркы тапта шаар аймагында 3000ден ашуун жакыр үй-бүлө болсо, кары-картандардын саны 150дөн ашат. Ал эми ден-соолугунан мүмкүнчүлгү чектелгендердин саны 3 миңден жогору.

Быйыл Социалдык фондго 25 жыл болду.
https://jalal-abad.turmush.kg/news:354077/?from=kg_turmush&place=newstoplast