Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:56
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
14:32
"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео
14:03
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
Бардык кабарлар

Фото, видео — Жалал-Абадда бала бакчадагы балдарды урган тарбиячы иштен алынды. Ата-энелер эмне дейт?

Жалал-Абад жаңылыктары
601
0

Ата-энелердин бири Диля Шарапованын айтымында, ал кызынын денесинен көк-ала тактарды көргөн.

«Мен дайыма жумушта болгондуктан кызымды шаардагы №21 бала бакчага тапшырып кетем. Бир күнү кызымды адаттагыдай бакчага таштап кетип жатсам, тарбиячынын Мубина деген жардамчысы: «эже, бул жерде балдарды кордошот экен, айрымдарын тарбиячы уруп, чымчып салат», деди. Бирок мен анын сөзүнө маани берген эмесмин. Бир күнү бала бакчадан келген кызымдын кийимдерин которуп жатсам, жамбаштары көгөрүп калганын көрдүм. Кийин бети, кулагы көгөрүп барды. Ошондо да шоктук кылса урушуп койгондур деп ойлогом.

Бакчага дагы барсам, «кызыңыз парданы жылдырганда тарбиячы анын тизелерин чымчып салды, кызыңыз ыйлап жиберди» деп айтышкандыктан, мен эгер дагы бир жолу балдарды урса, видеого тартып берүүнү өтүндүм. Ошентип, мага балдарды сабап жаткан видеону тартып жөнөтүштү. Ал видео интернетке тарап кетиптир. Ошондон бери кызым эртең менен бакчага барбайм деп ыйлап жатат. Балдарга кол көтөргөн тарбиячыга карата мыйзам чегинде чара көрүлсүн», - дейт нааразы болгон Диля Шарапова.
Дагы бир ата-эне буга чейин бакчада жүрүп кызынын колу сынганын кошумчалады.

«Үйгө кызымдын оозу, мурду канжалап барса, кызым шок экен деп маани бербей жүргөм. Буга чейин кызым колун бакчадан чындырып келген. Эми тарбиячылар өздөрү уруп, сабаганын көрүп жатам», - дейт ал.
Ал эми шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев төмөнкү окуядан кийин чукул чогулуш кылып, чара көрүлгөнүн айтат.

«Бул иш боюнча аталган бала бакчанын тарбиячыларына карата чара көрүлдү, башкача айтканда балдарды урган деп айтылып жаткан тарбиячыны жумуштан бошоттук. Бүгүн бала бакчалардын жетекчилерин чакырып, чукул чогулуш кылып, тарбиячыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дайындадык», - деди Ы.Калчаев.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бала бакчадагы балдарга кол көтөргөн тарбиячынын үстүнөн милицияга арыз түшкөнүн жана анын негизинде тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

Жалал-Абад шаарында 22 мамлекеттик бала бакча бар. Анда тарбияланган балдардын саны 4500ге жакын. Мындан сырткары 7 жеке менчик бала бакча иштейт.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада тарбиячы балдарга кыйкырып, аларга кол көтөрүп жаткандыгы тууралуу видео тараган.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:355812скачать dle 11.0фильмы бесплатно