Убакыт мезгил айлампасында жүргөн адам пендеси. Адамдын ыйык касиети–тукум куучулук менен үмүт менен ишениминде. Ушул маселеде азыркы урпактарыбыз дүйнөлөштүрүү жана ааламдаштыруу процессинде “Кыргыз ким?” дегенге маани беришпейт. Албетте бул биз үчүн өкүнүчтүү көрүнүш.
Улуттук генофонд – элдин эл болуп калыптанышындагы тукум куучулук касиети. Улуттун жүзүн көрсөтүүчү барометри. Учурда генофондубузга көңүл бурулбай курулай ашкере саясатташкан маселелер менен алектенишип, атка минерлерибиз оозу менен орок оруп, кызарган жерди баса калышып дүнүйө топтоонун аракетинде жүргөндөй туюм калтырат. Ошол чиновниктер тебелеп тепсеп, бийлеп жатышкан элдин саламатчылыгы, тамак- ашы, турмуш
тиричилиги, жашоо-шарты, демографиясы кандай деңгээлде экендиги түк кызыктырбагандай. Келечекте кимди башкарып, кимдин эсебинен жашайбыз, мамлекеттин желеги башка түскө айланып калбайбы деген ой жоктой.

Кабатырланып коңгуроо кагып жатканыбыздын себеби генофондубуздун тазалыгына түздөн-түз таасирин тийгизүүчү азык- түлүк, экологиялык, санитардык абал, адамдын руханий калыптануусу жана башка ушул сыяктуу факторлор бар эмеспи. Ушундай факторлордун калпыстыгынан атайын
маалыматтарда республикабыз боюнча жылына өлкөдө 91 646 наристе төрөлгөн болсо анын ичинен 150 бала кемтик төрөлөт. А витамининин жетишсиздигинен 300дөй наристе чарчап калат. Ал эми 1000 наристе энесиндеги темирдин жетишсиздигинен жарык дүйнө менен кош айтышат. 20 000 бала организминдеги темирдин танкыстыгынан антропометрикалык жактан толук жетилбей калат экен. Ушул фактылардын өңүтүнөн эле алып караганда биз, кыргыз калкы кайда бара жатабыз?

Ооба, кыргыз эли кылымдарды карыткан байыркы эл экендигин тарых тастыктап турат. Тукум курут болбойт деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок цивилизациянын доорунда баарын күтсө болот. Улуттун генофондун бузуучулар аргындашуу, миграциялык агым, бутпарас жашоо, алкоголь, наркомания, ж.б.у.с. азык-түлүк, экологиянын бузулушунун таасири акырындык менен генофондду бузуп, кедергесин тийгизээри айдан ачык. Өткөн доордогу ата-бабаларыбыздын артыкчылыгы табигый таза азыктануудан сырткары да адамзаттын тукум куучулук касиетине, жердин жаратылыш шарттарына басым жасап өзгөчө көңүл бурган. Бекер жеринен: Жерине карап эл болот, элине карап эр болот! - деген философиялык мааниси терең сөз бекеринен айтылбаса керек.
Ал эми тукум куучулукта ата тегине карап же тагыраак баланынбы, кыздынбы жети атасын талдашып, куда, бел куда, тамыр–сөөк болушуп наристе күтүшкөн. Учурда жети атасын билмек тургай, өз атасын жээригендер же алжып калды деп, карылар үйүнө жетелеп киргизгендер арбып баратат. Кыргызда
жети атасын билүү парз. Бул деген тарых өлчөмү менен алганда эки кылымдан ашыгыраак ата тектин тарых таржымалы, ким экендигин аныктаган барометр.
жети атасын билүү парз. Бул деген тарых өлчөмү менен алганда эки кылымдан ашыгыраак ата тектин тарых таржымалы, ким экендигин аныктаган барометр.
Кыргыз ким дегенде сырткы факторлор менен гана каада-салт, нарк нуска, улуттук кийим- кече, буюмдар, музыкалык аспаптар гана эмес, кыргыз элинин жан-дүйнөсүн, ой кыял чабытын, туюм сезимин сиңирип башка улуттарга таанытканда гана Кыргыз боло алат.