Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:45
Маданият министри тарых музейинин ачылбай жаткан себебин айтты
10:05
Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт
16:59
Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды
11:49
Сооронбай Жээнбеков Германияга учуп кетти. Сапардын программасы
11:06
Кыргызстандын алдыңкы көк бөрүчүлөрү күйөрмандары менен жолугат
11:02
Байге фонду 192 миң сом! Бишкекте дем алыш күнү жарым марафон өтөт
14:38
Депутат айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн кайра кароо сунушун берди
14:37
Кашкар Жунушалиев Ноокенде уурдалып өлтүрүлгөн баланы унутуп калганда
14:22
Иракта футболчу Криштиану Роналдунун "эгизи" табылды. Видео
14:17
Акимиат Бабановду колдоо митинги боюнча сотко кайрылды
14:13
Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу
12:53
Президент коңшулар менен болгон көйгөйлөрдүн чечилишинен кеп кылды
16:59
Таласта абактагы жалгыз кишини жаман шартта кармаган жетекчи иштен кетти
16:57
Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
10:13
Ышкырып, гүл сунуп, сүрөгөн жигиттер. Шевченконун Бишкекке келген видеосу
13:59
Ысык-Көл облусундагы 10 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды
12:35
Мечит менен чиркөө кызматкерлери чогуу-чаран бак тигип, парк тазалайт
12:31
Жээнбеков спортчуларды куттуктап, Олимпиада оюндарына катышуу боюнча айтты
13:16
Руслан Казакбаев: Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугуна шек келүүдө
12:30
100 миң доллар утурган жигит. Бишкекте кумар оюндары өткөн жайлар текшерилди. Видео
14:51
Ысык-Көл облусунда 475 түп бактарды эч кандай уруксаат кагазы жок кыйган жаран аныкталды
11:23
Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык эшик артында карайт
10:36
Кыргызстанга келген Путинди Жээнбеков кантип узатты. Фотофакт
09:37
Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды
12:41
Россияда окуйм дегендерге маалымат. Бишкекке РФтеги ЖОЖ өкүлдөрү келет
12:33
Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан
13:18
Кыргызстанда туруп Россиядагы окуу жайга тапшырса болот
13:17
Кыргыздын алгачкы оркестрди түзгөн Шубиндин атындагы мектепке 80 жыл толду
13:14
Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды
14:33
Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо
14:23
Бишкектеги эки жаңы конушта жаңы сквер пайда болмокчу. Эскиз
13:13
Жээнбеков Кыргызстанда илимдин кайсы тармагын өнүктүрүү керектигин айтты
12:51
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
12:43
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
14:30
Москвада бизнес ачуу бир себептен улам оор. Кыргызстандык ишкердин тажрыйбасы
14:27
Путинди тосуу аземи жаңы форматта өтүп, таң каларлык болору айтылды
14:25
Россиялык жаштардын Кыргызстанга көз карашы өзгөрүүдө
14:06
Оолуксам 30 жаштамын... Окумуштуулар адам качан чоңоерун айтышты
10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
Бардык кабарлар

Жалал-Абаддагы айрым жашоочулар облустук соттун алдына чогулушту. Алар кандай талап койду? (сүрөт, видео)

Жалал-Абад жаңылыктары
144
0
Нааразычылык акциянын катышуучусу — Сузак районунун тургуну Зульфия Матмусаеванын айтымында, 100 миң сом насыя үчүн үйүнүн документтерин күрөөгө коюп, төлөп бүткөн соң турак жайын ала албай калган.

«2012-жылы акча керек болуп, 100 миң сом насыя алдым. "Сиздин базарда "точкаңыз" жок экен, үйүңүздүн документтерин алып келиңиз" дешсе, банк алдабайт деген ой менен документтерди алып баргам. Кийинчерээк алган 100 миң сомумду 148 миң сом кылып төлөп берип, үйүмдүн документтерин сурасам банкта күрөөдө экенин айтты. Көрсө Гүлжамал Калмаматова аттуу аял мага окшоп насыя алгандардын документтерин жыйнап, 3 миллион сом кредит алып, анын бирин да төлөбөй койгон экен. Биз төлөп жүргөн акчага өзүнө үй сатып алыптыр. 2012-жылы сотко кайрылганбыз, ошол күндөн тарта иш созулуп келет», - дейт Матмусаева.

Ал эми Гүлжамал Калмаматова өзүнө коюлган айыптоолорду толугу менен четке кагып келет.

«Буга чейин да тергөөчүгө өз убагында барып, күнөөлүү эмес экеним боюнча көрсөтмө бердим. Биринчи инстанциядагы сот туура эмес чечим чыгарды, мен ага апелляциялык арыз менен кайрылдым. Менимче бул иштердин бардыгы буйрутманын негизинде болуп жатат. Мен эч кандай 5 миллион сом зыян келтирген жокмун, булар учурда турак үйлөрдө жашап жатышат. Күрөөгө өздөрү коюшкан, алар мага 600 миң сом карыз, карыздарын бербей жүрүшөт. Ал эми 5 миллион чыгым келтирди деген маалымат чындыкка коошпойт. Сот адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем. Сот чечими чыкса анын негизинде аларды сотко берем», - деди Г.Калмаматова.

2018-жылдын декабрь айында шаардык сот Гүлжамал Калмаматованы 7 жыл 6 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок учурда бул иш облустук сотто каралып жаткандыгына байланыштуу чечим күчүнө кирген эмес. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенге чейин Г.Калмаматова биринчи даттануу келтирген.

«Аталган иш боюнча Жалал-Абад шаардык соту 2018-жылдын 18-декабрында өкүм кабыл алган. Аталган өкүмдүн негизинде жабырлануучулар апелляциялык арыз боюнча облустук сотко кайрылышкан. Бул ишти кароо бүгүнкүгө, тактап айтканда 30-январь 15:00гө коюлган. Иш бүгүн каралат», - деди Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов.

http://jalal-abad.turmush.kg/news:359126скачать dle 11.0фильмы бесплатно