
Нооруз майрамында борбордук аянтка 4 боз үй тигилип, сүмөлөк кайнатылган казандын элеси чагылдырылып жасалгаланган. Саамалык 20-мартта «Курманбек» фольклордук талаасында 40 казанда кайнатылган сүмөлөктү элге ооз тийгизүү каадасы менен башталды. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошов баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, алар элди Нооруз майрамы менен куттукташты.

Майрамдык салтанат ыр-күүлөр, бийлер менен коштолду. Андан сырткары, кечээ кайнатылган сүмөлөк балдар үйүнө, ооруканадагы бейтаптарга да таратылды.

Жалал-Абад шаарынын бийлиги бул майрамды өткөрүү үчүн шаар бюджетинен 190 миң сом бөлгөн.
