Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:38
Doha Cup U-23: Кыргызстандык футболчулар Омандын командасына утулуп калды
14:34
Баасы $1 млн героинди Кыргызстан аркылуу ташыган делип Тажикстандын жараны кармалды
14:32
КР ТИМ башчысы австриялык дипломат Мартин Сайдик менен жолугушту
12:16
Акылбек Жапаров япон ишкерлери менен тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
12:15
Бишкекте өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң долларды түзөт
21:07
Саламаттык сактоо министри баштаган КР делегациясы Санкт-Петербургда форумга катышууда
21:05
Doha Cup U-23: Кыргызстандык футболчулар Кувейттин командасына бир голго жеңилип калды
20:54
"Рамазан айы – береке жааган, кут төгүлгөн ай". Муфтий кыргызстандыктарды куттуктады
12:22
Ооганстандагы жер силкинүүнүн күчү Кыргызстанда да сезилди
16:05
Германияда кыргыз диаспорасы Ноорузду белгилешти
19:10
Анталияда Айтматов атындагы китепкана ачылды
11:43
Венгрияда ТҮРКСОЙдун сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды
11:38
CAFA U-17. Кыргызстандык футболчу кыздар коло байге утту
10:11
Беларусь спорттук медицина тармагында тажрыйба алмашууда кыргызстандык адистерди чакырууга даяр
10:09
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
13:40
Парламентте Орусияда бир үйдөн энеси менен кызы маңзат менен кармалганы айтылды
13:37
Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат
18:33
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
18:30
Ысык-Көлдө көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталды
16:04
Акылбек Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга жолукту
16:01
Түркияга жардам эсебине 100 млн. сомдон ашык каражат чогулду
22:03
Кыргызстандыктардын Түркияда визасыз жүрүү режимин узартуу маселеси талкууланды
16:25
Кыргызстан жана Кувейт маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашат
16:23
Түркияга жардам. Кыргызстандыктар дээрлик 99 млн сом чогултушту
16:22
Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргыз балбандары төрт медаль жеңди
21:49
Аялдардын эл аралык күнү — сандар жана фактылар
21:28
Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт
23:26
Рейтингдик мелдеш: Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты
20:35
Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси боюнча маалымат берилди
10:45
Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска кетип жатканы айтылды
08:22
Эрназар Акматалиев Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту
08:07
Түрк элчиси зилзаладан улам жардам чогултуу уланып жатканын билдирди
11:47
Балбан Акылбек Талантбеков эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди
11:40
Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык боюнча депутаттардын достук топторунун жетекчилери жолугушту
11:40
Чет өлкөлүк 9 жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган
11:31
Москвада айлык талап кылган мигранттар митингге чыгышты
11:29
Москвадагы жапырт мушташка аралашкан эки кыргызстандык жоопко тартылды
00:37
Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курамасы Дубайдагы Гран-приге катышат
00:33
Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
14:29
УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
01:31
Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курамасы Дүйнө кубогуна катышат
01:11
Ооган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлер эскерилүүдө
01:57
ЖККУнун Армения баш тарткан машыгуусу Кыргызстанда өтөт
04:50
Будапештте Кыргызстан менен Венгриянын президенттери расмий жолукту
04:48
Азия чемпионаты: Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Кыргызстандын рекордун жаңылады
Бардык кабарлар

Ооруканага оор абалда түшкөн жаш кыздын тууганы дарыгерди сабап, мурдун сындырган

Жалал-Абад жаңылыктары / Здоровье
476
0
Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары аймактык кабарчыга билдиришти. Ошондой эле маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан дагы тастыкташты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 2-июнь күнү облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну — жаш кыз түшкөн. Анын туугандары жандандыруу бөлүмүнө кирип, кызды көрүүгө аракет кылышкан жана жаш кыздын апасы анын абалын көрүп чыккан. Бирок ага карабай кыздын туугандары дагы жаш кызды көрүүнү талап кылышкан. 

Бейтап кыздын агалары эшикти кечке такылдата беришкенде, оорукананын кызматкери эшикти ачкан. Ошол учурда жаш кызды дарылап жаткан дарыгерди кызуу абалда болгон эркек киши себепсиз чаап жиберген. 

Ооруканада иштеген кызматкерлердин айтымында, дарыгердин мурду эки жеринен сынган жана башынан жаракат алган. Алар учурда аталган факт боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты. 

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин юридикалык баа берилип, иш сотко жиберилет.

---------------------------------

Turmush басылмасы 1-июнда Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багындагы аттракциондордун биринен 14 жаштагы кыз кулап түшүп, ооруканага жеткирилгенин жазган.

Маалым болгондой, 2005-жылы туулган Ж.К. аттуу кыз апасы менен бирге майрам күнү паркка келген. Селкинчектердин бирине түшкөн өспүрүм кыз 7 метр бийиктен кулап кеткен. Жабыркаган кыз Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынын тургуну болгон.

Жалал-Абад облустук оорукананын жетекчиси Кумар Ботокараевдин айтымында, кыздын баш мээси чайкалып, оң билегинин сөөгү жабыркаган. Ошондой эле денесинин көптөгөн жерлери сыйрылган.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:369544?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно