Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

«Апам тирүү болгондо биринчи сүйүнчүлөмөкмүн»: Тестирлөөдөн эң жогорку упай топтогон жалал-абаддык Элдияр

Жалал-Абад жаңылыктары
1 228
0
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоду. Тактап айтканда, тестирлөөгө катышкан 43 миңден ашуун бүтүрүүчүнүн ичинен 238 упай топтоп, алдыңкы орунга суурулуп чыкты.

Ысымы өлкөгө белгилүү болуп жаткан окуучу Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагынын кулуну, 5 бир тууган. Аймактык кабарчы алдыңкы бүтүрүүчүнү маекке тартты.

- Элдияр, алгач кубанычыңды тең бөлүшөбүз. Адегенде ушул тестирлөөнүн жыйынтыгын кимден уктуң жана кубанычыңды биринчи ким менен бөлүштүң?

- Ата-энемдин жүзүн жер каратпайын деп жакшы окуганга тырышчумун. Дайыма жакшы жыйынтыктарды көрсөткүм келчү, анын ичинде ушул алтын сертификатка ээ болууну да эңсечүмүн. Алтын сертификатка ээ болуу максатым орундалып, дале кубанып, толкунданып жүрөм. Токтогул районунда айылда жүргөм, класс жетекчим байланышып, кубанып куттуктады. Угар замат биринчи атама чуркап барып сүйүнчүлөдүм. Атам бекем кучактап: «Мен сенден күткөм. Сен аракет кылып жаткансың», - деп өзгөчө сүйүндү. Апам тирүү болгондо башкаларга окшоп, ийгилигимди ага биринчи сүйүнчүлөмөкмүн. Апам 3 жыл мурун оорудан улам кайтыш болгон. Бир туугандарымдын, атамдын кубанычтары мага мотивация берди. Дагы чоң ийгиликтерге жетишип, аларды дагы сүйүндүргүм келип жатат.

- Тестирлөөгө канча убакыт даярдандың?


- Былтыркы жылдан тарта даярданып баштагам. Биздин лицейде атайын шарттар түзүлгөн. Курстар өтүлөт, тестирлөөгө даярдап башташат. Эжей-агайлар сунуштарын, багыттарын айтышып, бизди катуу даярдашты. Сынакка чейин башка тесттерди толтуруп, андан кетирген кемчиликтеримдин, жетишпеген темалардын үстүндө иштедим. Уюлдук телефондон, интернеттен алысыраак болдук. 1 жылдык даярдануу мен үчүн аз убакыттай сезилип жүрдү.
- Сынакка кирдиң. Ошондо сен үчүн суроолор кандай болду? Жогорку упай аларыңа ишеним болдубу?

- Тест учурунда толкундануу деле болгон жок. Буга чейин олимпиадаларга, лицейдеги курстардагы тесттерге катышып жүргөндүктөн оорчулугун сезбедим. Жогорку упай топторума ишеним бар болчу. Бирок алтын сертификатка илинип каларымды күткөн эмесмин.

- Сен үчүн өлкөдөгү окуу жайларды тандоого эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кайсыл окуу жайды, кандай кесипти тандаганы турасың?

- Мен программист адистигин тандагам. Кыргызстандагы окуу жайларды азырынча тандай элекмин. Чет мамлекеттеги окуу жайларга да кызыгып жатам. Кайсыл окуу жайды тандабайын адистигим ошол бойдон калат. Бир туугандарым, атам колдоп, кубаттап жатышат. Дагы кеңешип, анан бир чечимге келебиз. Жакшы окуп, билимимди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшайм деген тилегим бар. Өлкөбүзгө, элиме кызмат кылгым келет. Апам оорудан улам көз жумган. Адистигим дарыгер болбосо да, өз кесибим аркылуу бейтаптарга жардам берсем деген максатым бар.

Лицейдеги мугалимдериме, класс жетекчиме жана бизди тестирлөөгө даярдаган мугалимдериме өзгөчө ыраазычылыгымды айткым келет. Ийгилигибиздин артында биздин мугалимдер жана ата-энелерибиз турат.
http://jalal-abad.turmush.kg/news:369424скачать dle 11.0фильмы бесплатно